• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда бүгүн дагы 314 адамда COVID-19 табылды

COVID - 19 0

Бишкек, 06.07.20. /Кабар/. Кыргызстанда 6-июль саат 10:00гө карата коронавирус жуккан жаңы 314 учур катталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын маалыматына ылайык, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 7 миң 691 адамга жетти.

"Кыргызстанда эпидемиологиялык абал курч бойдон калууда. Акыркы сутка ичинде COVID-19 жуктурган 314 адамдын баары вирус жуктургандар менен байланышта болгондор", - деп билдирди ал.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

-Бишкек ш. – 161
-Чүй облусу - 25
-Ош ш. - 41
-Ош облусу - 26
-Жалал-Абад облусу - 15
-Баткен облусу - 10
-Ысык-Көл облусу - 21
-Нарын облусу - 15.

Пикир

Оставить комментарий