• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда бир суткада 12 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 02.12.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада 12 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 2, Ош облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 1, Чүй облусунда 5, Баткен облусунда 2 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 14 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Алсак, Бишкектин четиндеги Көк-Жар конушда турак үйдүн жер төөлөсүндө 2 тонна көмүр, 3 куб отун жана 5 кап картошка күйүп, анын кесепетинен 1997-жылы туулган аял киши көмүр кычкыл газына ууланып тез жардамга кайрылган. Абалы туруктуу. Өрттүн себеби такталууда.

Ошондой эле Жалал-Абадда Сузак районунун Кара-Алма айылында Жумабек көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 192 чарчы метр сарай, миң түк чөп, 600 боо жүгөрү бакалы, 1 бодо мал жана 12 баш кой күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.


 

Пикир

Оставить комментарий