• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда бир суткада коронавирус 456 адамдан табылып, 4 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 29.11.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 456 адамдан табылып, 4 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус 110 адамдан, Ош шаарында – 10, Чүй облусунда – 101, Ош облусунда – 34, Талас облусунда – 24, Нарын облусунда – 8, Ысык-Көл облусунда – 37, Жалал-Абад облусунда – 102, Баткен облусунда 30 кишиден табылган.

Ошол эле учурда 482 адам коронавирустан айыгып чыккан. “Бишкекте – 116, Ош шаарында – 18, Чүй облусунда – 65, Ош облусунда – 50, Талас облусунда – 9, Нарын облусунда – 13, Ысык-Көл облусунда – 43, Жалал-Абад облусунда – 55, Баткен облусунда 13 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Акыркы күн ичинде COVID-19 илдетинен 4 адам каза болгон: Бишкекте – 2, Ысык-Көл облусунда, Баткен облусунда – 1 киши. Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 2 миң 840 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 760 бейтап дарыланууда.

“Бир күн ичинде өлкө боюнча 14 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Үй шартынан 1, стационардан 5 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 3 миң 893 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 593 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 72 миң 427 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 63 миң 789 киши айыгып чыкса, 1 миң 266 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий