• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда электрондук мектеп ачуу пландалууда

Билим 0

Бишкек, 24.08.22. /Кабар/. Кыргызстанда аралыктан окууга мажбур болгон балдар үчүн "Электрондук мектеп" ачуу пландалууда. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Самаркүл Умралиева билдирди.

Анын айтуусуна караганда, бул пилоттук долбоор, учурда иш жүрүүдө.

"Мындай класс ачуу үчүн канча каражат сарпталарын эсептеп чыктык. Идея абдан жакшы, башкача айтканда, бул атайын камералар, микрофондор жана башка атайын жабдуулар менен жабдылган класс болот. Ал жерде аларга онлайн сабак бере турган мугалим болот", - деди ал.

Бир класска 15тен 25ке чейин бала кабыл алып, алар менен аралыктан иштөө пландаштырылууда.

Умралиеванын маалыматына таянсак, былтыркы жылы өлкө боюнча дээрлик 2 миңге жакын бала билим алган эмес. Арасында мигранттардын да балдары бар.

Билим берүү башкармалыгынын башчысы айткандай, саламаттыгына байланыштуу эмес, ата-энеси балдарын мектепке орноштура албагандан улам онлайн билим алууга мажбур болгон балдар бар.

Азырынча аталган долбоорду калаадагы 4 лицейдин базасында ишке ашыруу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий