• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда коронавирусту экинчи жолу жуктурган учур катталган жок - Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 27.04.02. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирустан айыккан адамдардын арасынан илдетти экинчи жолу жуктуруп алгандар жок. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал көзөмөлдө. “Азырынча жуктуруулардын экинчи толкуну болот деп, ошондой эле кайталап карантин чараларын киргизүү тууралуу айтуу эрте”, - деди башкы санитардык дарыгер.

Белгилей кетсек, окумуштуулардын изилдөөлөрү көрсөткөндөй, коронавирус менен ооруган адамдарда ага иммунитет пайда болот. Ооруган адам кадимки жашоосуна кайтып келе алат.

Кыргызстанда 27-апрелге карата коронавирус жуктурган 13 жаңы учур катталып, ооругандардын жалпы саны 695 адамга жетти. Алардын ичинен 395 киши коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 8 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий