• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда онкологиялык бейтаптар санариптик каттоого алынат – министр

Ден соолук 0

Бишкек, 23.08.23. /Кабар/. Кыргызстанда онкологиялык оорулуулардын санариптик реестри түзүлөт. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова балдар онкологиясы темасына арналган тегерек столдо билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөдө диагностикалык ыкмаларды өркүндөтүү, керебеттердин санын көбөйтүү жана техникалык базаны жакшыртуу боюнча жигердүү иштер жүрүп жатат.

"Мындан тышкары, дары-дармектерди ачык пландаштырууну жана бөлүштүрүүнү камсыздоо үчүн онкологиялык оорулуулардын санариптик реестри түзүлөт. Бирок, тилекке каршы, бул аракеттер дайыма эле жетиштүү боло бербейт. Ошондуктан, биз конкреттүү, сезилерлик мындан аркы иш-аракеттерди талкуулоо жана иштеп чыгуу үчүн бүгүнкү жолугушууну демилгеледик", - деди министр.

Пикир

Оставить комментарий