• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда ооруканада каза болгондордун саны өткөн жылга караганда кыскарды —Касымбеков

Ден соолук 0

Бишкек, 25.07.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда ооруканада каза болгондордун саны өткөн жылга караганда кыскарып, 0,7 пайызды түздү. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин убактылуу милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, 2021-жылы бул көрсөткүч 0,9 пайызды түзгөн.

“2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында дарыгерлерге 5 млн 747 миң 892 жаран кайрылган. 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында республиканын ооруканаларында 427 миң 174 бейтап жаткырылган. Ооруканага жаткыруу көрсөткүчү 2022-жылы дээрлик өзгөрүүсүз калып, 100 адамга 6,3 түздү”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий