• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда республикалык деңгээлде мектептердин айланасын жашылдандыруу кампаниясы өтөт

Коом 0

Бишкек, 04.04.24. /Кабар/. 6-апрелде Кыргызстандын бардык аймагында билим берүү уюмдарын жашылдандыруу кампаниясы өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Анын алкагында билим берүү уюмдарынын жана административдик мекемелердин аймактарына көчөт отургузуу, жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана арыктарды тазалоо иштери жүргүзүлөт.

Тазалык кампаниясынын максаты – мектеп окуучуларын жана студенттерди жашоодогу баалуулуктардын бири катары эмгекке жана анын натыйжаларына жакшы мамиле кылууга тарбиялоо, өлкөнүн аймактарын жана билим берүү уюмдарын көрктөндүрүүнү уюштуруу.

Белгилей кетсек, КР президентинин "2023-2025-жылдар мезгилине "Улуттук тазалык күнү жана тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүүнүн иш-аракеттер планы жөнүндө" жарлыгынын алкагында, "Жашыл Мурас" улуттук өнөктүгүн, КР министрлер кабинетинин "Бир окуучу - бир көчөт" жыл сайын өтүүчү жалпы республикалык акциясын өткөрүү жөнүндө тескемесин жүзөгө ашыруу, ошондой эле 2024-жылдын 4-мартындагы Билим берүү жана илим министрлигинин "Табиятты сактайлы" иш-чаралар комплексин өткөрүү жөнүндө буйругy чыккан.

Пикир

Оставить комментарий