• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда стартаптарды мамлекеттик колдоо тутумун түзүү пландаштырылууда

Экономика 0

Бишкек, 17.01.24. /Кабар/. Финансы министрлиги стартаптарга колдоо көрсөтөт, деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, учурда министрлик жеке сектордун ишканаларынын, анын ичинде микро, чакан жана орто ишканалардын өсүшүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн Кыргызстанда бизнес чөйрөсүн жакшыртуу боюнча долбоорду иштеп чыгууда.

Буга байланыштуу министр Алмаз Бакетаевдин төрагалыгы алдында өлкөнүн бизнес тармагынын, Билим берүү министрлигинин, Интеллектуалдык чөйрө боюнча мамлекеттик агенттиктигинин, КР министрлер кабинетине караштуу Мүлк жана инновациялар фонду, Финансы-кредиттик фонду, Кыргыз фондулук биржасы жана Ишкердикти өнүктүрүү фондунун катышуусунда жыйын өттү.

Жыйында Бакетаев тарабынан демилгеленген "Стартаптарды каржылоонун финансылык инфраструктурасы" долбоору талкууланды.

Бул Долбоордун максаты - ишкердикти колдоонун мамлекеттик тутумун түзүү, жаңы баштаган ишкерлерди, алыскы региондордогу долбоорлорду каржылоо, калктын социалдык жактан аялуу катмарын өз алдынча ишке тартуу жана мамлекеттик колдоосуз андан ары өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн түзүп берүү.

Мындан тышкары, долбоордун алкагында ЖОЖдордо, техникумдарда, ишке орноштуруу борборлорунда, мектептерде ишкердик боюнча билимдерди жана тажрыйбаларды окутуу жана өткөрүп берүү пландаштырылууда. Ошондой эле адистештирилген ишкердик борборлорунун, билим берүү мекемелеринин базасында финансы институттары менен бирге көндүмдөрдү өнүктүрүү жана тажрыйба топтоо каралат.

Пикир

Оставить комментарий