• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгы белгиленүүдө

Коом 0

Бишкек, 09.05.22. /Кабар/. Бүгүн Бишкектеги Жеңиш аянтында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү.

Мамлекет башчысы Өчпөс отко гүл коюп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду эскерди.

Ошондой эле “Өлбөс полктун” жүрүшү өттү. Жөө жүрүш Жеңиш паркынан башталып, Өчпөс отко чейин уланды.

Акциянын катышуучулары Өчпөс отко гүл коюп, Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын элесине таазим кылышты.

Пикир

Оставить комментарий