• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда зыяндуу тамак-ашты жарнамалоону чектөө сунушталууда

Коом 0

Бишкек, 22.04.21. /Кабар/. 2021-жылдын 21-апрелинен тарта "КР айрым мыйзам актыларына ("Жарнама жөнүндө", "Жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө" КР мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" КР мыйзамынын долбоору коомдук талкууга коюлууда.

Демилгечи: Жогорку Кеңештин депутаты Елена Строкова.

Документке ылайык, мыйзам долбоору балдардын сергек тамактанууга укуктарын ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү жана туздун, канттын жана эт майынын камтылышы жогору болгон, пайдалуу эмес тамак-аш азыктарынын маркетингин чектөө максатында даярдалды.

ДССУнун маалыматтарына ылайык (Европа региондук бюросу), Кыргыз Республикасында балдар жана өспүрүмдөр үчүн тамак-аш азыктарын жарнамалоо учурларынын 85%дан ашыгында сергек эмес тамак-аш азыктарын соодалоо каралат. Мында, балдар арасында жарнамалоого уруксат кылынбаган азыктардын ар бир бешинчи жарнамасында «саламаттык» деген сөз түрткү берүүчү жүйө катары пайдаланылат, бул болсо, албетте, керектөөчүнү адаштырып коет.

Кыргыз Республикасында тузду колдонуу дүйнөдөгү жогорку чекте турат, ал ДССУ сунуштаган сандан 2,5 эседен ашуунга жогору. Ошондой эле трансгендик эт май кислоталарынын (ТЭМК) деңгээли да жогору. Ошентип, КР Саламаттык сактоо министрлигинин жана ДССУнун биргелешкен иргеме изилдөөлөрүнүн маалыматтары боюнча, үйдө даярдалган жана коомдук тамактануу тарамындагы тамактын бир орточо порциянын эсебинен өлкөнүн тургундары бир суткада максималдуу түрдө колдонууга сунушталган ТЭМКнын 70,8ден 170,4%га чейинкисин жана туздун 82,9дан 99,0%га чейинкисин алат. Адамдын организмине ТЭМКнын, канттын жана туздун ашыкча келип түшүүсү дене салмагынын оорлоп кетишине жана семирип кетүүгө, жүрөк жана кан тамыр ооруларынын (жогорку артериялык кан басымы, инфаркт, инсульт ж.б.), 2-типтеги диабеттин жана залалдуу жаңы түзүлүмдөрдүн айрым формаларынын келип чыгышына түрткү берет. (FEEDcities долбоору - Чыгыш Европанын жана Борбордук Азиянын шаарларындагы тамактануу чөйрөсү – Кыргызстан. Техникалык баяндама. Август 2017-ж.).

Бирок өлкөдө артериялык гипертензиянын таралышынын жогорку деңгээлин азайтуу үчүн тамак-аш азыктарында туздун камтылышын төмөндөтүү боюнчаэч кандай күч аракеттер жумшалган жок.

Тузду азайтууга байланышкан иш-чаралар негизинен тузду йоддоштуруу аркылуу йоддук житишпегендиктин алдын алууга байланышкан, мында йоддоштуруу деңгээлин жана тузду колдонууну азайтуу деңгээлин теңдештирүү боюнча сунуштамалар берилген эмес. Балдарга туздун, ошондой эле канттын, эт майынын камтылышы жогору болгон азыктарды соодалоону чектей турган эч кандай конкреттүү эрежелер да жок.

«Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагындатамак-аш азыктарын, тамак-аш кошумчаларын, азык-түлүктүк чийки заттардыөндүрүү, сактоо, транспорттоо, сатып өткөрүү жана алып кирүү адамдын саламаттыгыназыяндуу таасир кылбашы керекжана техникалыкрегламенттерге туура келиши керек.

Мында белгилей турган зарыл нерсе, азыркы учурда Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан Бажы бирлигинин Техникалык регламенттеринде жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын коргоо үчүн минималдык түрдө зарыл болгон талаптар белгиленген, бирок азыктардын жарандардын саламаттыгы үчүн пайдалуулугун же пайдалуу эместигин аныктоо каралбай калган.

«Жарнама жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинде социалдык жарнамага аныктама берилген, ага ылайык мындайжарнама коомдук кызыкчылыкты алга жылдырат жана социалдык пайдалуу максаттарга жетишүүгө багытталат, социалдык жарнамага тиешелүү болгон максаттардын конкреттүү тизмегин иретке салат.

«Жарнама жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20-1-беренесинде каралгандай, жарнама чыгаруучулар социалдык жарнаманы чыгарууну жеңилдетилген шарттарда жүзөгө ашырат. Социалдык жарнаманы чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы ошол эле жарнама чыгаруучулардын коммерциялык жарнамаларды чыгаруу боюнча көрсөткөн окшош кызмат көрсөтүүнүн наркынын 50 пайызынан жогору болбоого тийиш.

Ушуга байланыштуу,саламаттыкка пайдалуу азыктарды колдонууга карата калкка түрткү берүү үчүн шарттарды түзүү максатында, саламаттыкка пайдалуу тамак-аш азыктарын колдонуугатүрткү берүү максаты менен социалдык жарнамага толуктоокиргизүү сунуш кылынып жатат.

Ушул Мыйзамдын 16-беренесинде товарлардын айрым түрлөрүн жарнамалоонун өзгөчөлүктөрү белгиленген. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган нормаларга ылайык, туздун, канттын жана эт майынын камтылышы жогору болгон тамак-аш азыктарынын жарнамасын жайылтууга:

- 18 жашка чейинки балдарга;

- балдар үчүн басылмаларда, телекөрсөтүү жана радио боюнча балдар каналдарында;

- жергиликтүү убакыт боюнча саат 7ден 22ге чейин теле- жана радио программаларда;

- саламаттык сактоо жана билим берүү уюмдарынын имараттарында, спорттук залдарда жана курулмаларда, стадиондордо жана аларга жанашкан жерлерде жүз метр радиуста тыюу салууга багытталган нормалар менен бул беренени толуктоо сунушталып жатат.

Мында туздун, канттын жана эт майынын камтылышы жогору болгон тамак-аш азыктарынын жарнамасы (уруксат кылынган убакытта)туздун, канттын жана эт майынын камтылышы жогору болгон тамак-аш азыктарын ашыкча колдонуунун зыяны жөнүндө эскертүү менен ар бир учурда коштолууга тийиш

Мыйзам долбоорунун 3-беренесинде белгиленгендей, бул Мыйзамрасмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийинкүчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтириши, башкача айтканда тамак-аш азыктарында туздун, канттын жана эт майынын камтылышынын нормаларын чектерин аныкташы керек.

«Билим берүү уюмдарында окуучулардынтамактануусунуюштуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жалпы билим берүү уюмдарынын аймактарында жана имараттарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган нормаларгаылайык, туздун, канттын жана эт майынын камтылышы жогору болгон тамак-аш азыктарын сатып өткөрүүгө жанажарнамалоого тыюу салуу тууралуу норма менен толуктоо сунушталып жатат.

Ошондой эле бул Мыйзамдытөмөнкүдөй норма менен толуктоо сунушталууда, ага ылайык жалпы билим берүү уюмдарында Кыргыз Республикасынын мектепте жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык туура тамактануунун жана сергек жашоо ыңгайынын көндүмдөрүн калыптандыруу боюнча сабактарды өткөрүп туруу камсыз кылынат.

Жогоруда көрсөтүлгөн өзгөртүүлөр балдардын арасында сергек эмес тамак-аш азыктарын колдонууну азайтуу үчүн шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.

Пикир

Оставить комментарий