• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандагы банктардын депозиттик базасы 20% өстү

Экономика 0

Бишкек, 08.12.23. /Кабар/. Кыргызстандагы банктардын депозиттик базасы өсүүдө. Бул тууралуу Улуттук банктын отчеттук маалыматында айтылат.

Билдирүүгө ылайык, 2023-жылдын 10 айында депозиттик база 20 пайызга өсүп, болжол менен 405 млрд сомду түзгөн.

Ал эми үстүбүздөгү жылдын 10 айында Кыргызстандагы банктардын кредит портфели да дээрлик 23 пайызга өсүп, анын көлөмү 251 млрд сомго жакынды түздү.

"Банк системасы улуттук валютада да, чет өлкө валютасында да ликвиддүүлүктүн жетиштүү запасына ээ. Ошол эле учурда Улуттук банк инфляциянын монетардык фактору бөлүгүн чектөө максатында үстөк ликвиддүүлүктөн арылтуу операцияларын улантууда", - деп айтылат отчетто.

Пикир

Оставить комментарий