• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандагы бир катар медициналык ЖОЖдордун лицензиясын алуу сунушталды

Коом 0

Бишкек, 11.02.22. / Кабар/. Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин башкы катчысы Нурипа Муканова Кыргызстандын бир катар медициналык жогорку окуу жайларынын лицензиясын алууну сунуштады. Бул тууралуу ал Бишкекте өткөн брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, Коррупцияга каршы ишкердик кеңеши медициналык факультеттери бар ЖОЖдор боюнча жүргүзүлгөн анализге байланыштуу сунуштама берет. Башкы катчы өлкөдөгү медицина тармагындагы билим берүүнүн сапатынын төмөндүгүнө байланыштуу абалды оңдоо үчүн тийиштүү чара көрүү зарыл деп эсептейт.

Муканова лицензияны алуудан башка тыюу салуулар маселени чечпей тургандыгын айтты.

“Тыюу салуулар коррупцияны токтото албайт, ошондуктан биз тыюу салуу менен маселени чече албайбыз. Биз колдоно турган бир гана жол – бул минималдуу лицензиялык талаптарга туура келбеген университеттердин лицензияларын жокко чыгаруу”, - деди ал.

Башкы катчы медициналык факультеттери бар 22 ЖОЖдун ичинен 8инин эл аралык каттоосу бар экенин билдирди. Калган бардыгы медициналык кесиптик бирикмелер тарабынан каралышы керек.

Пикир

Оставить комментарий