• 79.5
  • 81.44
  • 1.25

Кыргызстандагы санариптештирүү. Эми кыял эмес, мезгилдин курч талабы!

Аналитика 0

Кыргызстанда көп жылдан бери бардык деңгээлде санариптештирүү маселеси курч турат. Бул өлкөнүн мезгил агымы менен кадам таштоосу жана өнүгүүдө башка мамлекеттерден артта калып калбоосу үчүн маанилүү маселе. Акыркы жылдары санариптештирүү жаатында бир катар маселелер чечилди, атап айтканда товар айландыруу санариптик чөйрөгө өттү, турдүү социалдык долбоорлор ишке киргизилди. Бирок бул башталышы гана, алдыда дагы көп иштер турат.

Санариптешүү өлкөнүн социалдык турмушу үчүн гана маанилүү эмес, ал көптөгөн актуалдуу маселелерди – дүйнөлүк экономикалык жана социалдык процесстерди интеграциялоону, коррупция менен күрөшүүдө көйгөйлөрдү чечет. Санарип тармагын өнүктүрүү темпин тездетүү маселеси Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тарабынан бир нече ирет көтөрүлүп жатканы бекеринен эмес. Ошентип, март айынын башында өткөн соттордун 12-съездинин жүрүшүндө президент сараиптештирүү процессин тездетүүнүн маанилүүлүгүн дагы бир ирет белгиледи.

“Сот процессинин ачык-айкындыгын жана жеткиликтүүлүгүн камсыздоо үчүн санариптик сот өндүрүшүн түзүү боюнча иштерди улантууну ыкчамдатуу керек. Анткени, санариптештирүү – бул бирөөнүн жөн эле кыялы эмес, ал замандын курч талабы”, - деди президент.

Ал эми бул бардык башка тармактарга тиешелүү, анткени рес-публикада жетиштүү көйгөйлөр бар. Ошондой эле, быйылкы жылдын башынан бери салык системасы өзгөргөнүн, онлайн- контролдук-кассалык машиналар (ККМ) пайда болгонун эске сала кетели, бул өз кезегинде бизнести көмүскөдөн алып чыгып, бюджеттик жоготууларды жана коррупциялык схемаларды минималдаштырууга жардам берет. Мындан тышкары, ККМны колдонуу ишкерди кассалык отчеттордун бүтүндөй топтомун түзүүдөн куткарат. Ишкер өз кызматкерлерин жеке кабинет аркылуу алыстан башкаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Жалпысынан санариптештирүү боюнча салык түзүмдөрү долбоорун ишке ашыруунун алкагында төмөндөгүдөй көптөгөн иш-чаралар аткарылды:

  • 2021-жылдын ноябрынан тартып Ишкерлерди тейлөө борбору иштей баштады, анда Бишкек шаарынын ишкерлери “бирдиктүү терезе” принциби боюнча 9 мамлекеттик органдан ыкчам жана толук консультация жана кызматтарды ала алышат;
  • 2021-жылдын декабрынан тартып Кыргызстандын аймагы боюнча жүктөрдү унаа менен ташуу үчун навигациялык пломбаларды колдонууну сыноо боюнча пилоттук долбоор ишке киргизилди. Навигациялык плобалар ЕАЭБ өлкөлөрүнөн КРнын аймагы аркылуу импорттоодо жүк ташуучу унаалар менен жүктөрдү ташууну көзөмөлдөө максатында колдонулат.
  • 2022-жылдын 10-январынан тартып 2022-жылдын 10-январынан тартып акциздик салыкты санариптик башкаруу боюнча пилоттук (эксперименталдык) долбоор ишке киргизилген, анын алкагында 2022-жылдын 10-январынан 2022-жылдын 30-июнуна чейин Кыргыз Республикасынын аймагында санариптик идентификациялоонун жардамы менен акциздик товарларга акциздик салыкты милдеттүү түрдө жана/же ыктыярдуу төлөнүүчү маркировкалоо санариптик башкаруу механизми ишке киргизилген;
  • Бир катар банктар (“РСК” ААК, “Айыл банк”, “Керемет банк”) тарабынан ишкерлер үчүн кассалык машиналар бериле баштады.

Муну менен катар санариптик технологиялардын, анын ичинде мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча калк менен жигердүү иштер жүргүзүлүүдө. Мисалы, КРнын Санариптикөнүктүрүү министрли КР президентинин «Этностук кыргыздардын жана кыргыз улутундагы жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуусунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби жөнүндө убактылуу жобо тууралуу» жарлыгын ишке ашыруу максатында КР жарандыгын алуу үчүн документтерди тариздөө маселелери боюнча жарандарды күн сайын “Жарандык” автоматташтырылган маалымат тутуму аркылуу жана кагаз жүзүндө жөнөкөйлөтүлгөн тартипте кабыл алууну улантып келет.

“Үч калкты тейлөө борборунда (Бишкек шаарындагы Биринчи май району, Чүй облусундагы Сокулук районунда жана Баткен облусундагы) жана Чүй облусунун Панфилов райондук Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы департамент бөлүмүндө консультация берүү максатында чет элдик паспорттору жана башка идентификациялык документтери жок же мөөнөтү өтүп кеткен республиканын аймагында узак убакыттан бери жүргөн этникалык кыргыздарга жарандык боюнча документтерди кабыл алуу боюнча кызмат көрсөтүү жана жардам көрсөтүү үчүн өзүнчө пункттар ачылган”, - деп тактады министрликтен.

2022-жылдын бир айында эле аймактыр бөлүмдөр тарабынан жарандыкка кабыл алууга 1 527 документ кабыл алынган, анын ичинен “Жарандык” АМТ аркылуу – 1 457, ал эми кагаз жүзүндө – 70 материал. Калктуу конуштарга 102 сапар уюштурулуп, 2534 жаранга консультациялар берилди. Жер-жерлерде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте калк, этникалык кыргыздардын өкүлдөрү жана жалпыга маалымдоо каражаттарында маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү, анын ичинде уюштурулган баяндамалар – 87. Компетенттүү органдарга макулдашуу үчүн 1 131 материал жөнөтүлдү. КР президентине караштуу жарандык маселелер боюнча комиссиясынын кароосуна 397 материал багытталды. КР президентинин жарлыгына ылайык, убактылуу жобонун негизинде 397 этникалык кыргыз (балдарын кошпогондо) жарандыкка кабыл алынды.

Муну менен катар Бишкектен тышкары ведомствонун ыкчам тобу иштейт. Маалым болгондой, президенттин калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө жарлыгына ылайык, КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти “Инфоком” мамлекеттик ишканасы менен биргеликте 2022-жылдын 3-февралынан 23-мартына чейин Баткен облусунун калктуу конуштарына иш сапарларын уюштурууда. Аталган демилгенин максаты - мамлекеттик кызматтардын сапатын жакшыртуу жана жогорулатуу, калкка өздүгүн тастыктоочу документтерди алууга көмөк көрсөтүү. Ошондой эле мобилдик топ төмөнкү кызматтарды көрсөтөт:

  • Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун алуу үчүн документтерди кабыл алуу;
  • Жарандык абалынын актыларын каттоо күбөлүгүн алуу;
  • “Балага сүйүнчү” бир жолку жөлөк пул алууга арыздарды кабыл алуу;
  • Көйгөйлүү ПИН номерлерине арыздарды кабыл алуу;
  • Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашаган жана жүргөн жери боюнча каттоо;
  • Даректүү маалымкаттарды берүү;
  • Чет элдик жарандарды каттоо;
  • жарандык маселелери боюнча консультация берүү жана документтерди кабыл алуу (КР өкмөтүнүн 2021-жылдын 8-июлундагы № 291 токтомуна ылайык, жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте).

"Кабар" МАБ

Пикир

Оставить комментарий