• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандык шахматчы Алия Шарабидинова Батыш Азия биринчилигинде коло медаль тагынды

Спорт 0

Бишкек, 11.09.19. /Кабар/. Кыргызстандык шахматчы Алия Шарабидинова Батыш Азия биринчилигинде коло медаль тагынды. Бул тууралуу Шахмат федерациясынан кабарлашты.

Мелдеш Нью-Дели шаарында өтүп жатат. Кыргызстандын атынан Алия Шарабидинова жана Наиль Алыбаков барган.

Шарабидинова 6 жашка чейинкилер арасында катышып, 6 упай топтой алган. Мелдештин жыйынтыгында кыргызстандык спортчу үчүнчү орунга илинди. Биринчи жана экинчи орунду Индиянын спортчулары алышкан.

Пикир

Оставить комментарий