• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандык спортчулар Минскте өтө турган КМШ өлкөлөрүнүн II оюндарына катышат

Спорт 0

Бишкек, 20.02.23. /Кабар/. Бүгүн, 20-февралда маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Беларусь элчиси Андрей Страчко менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар эки тараптуу маданий кызматташтыкты жандандыруу жана активдештирүү зарылдыгын белгилешти.

Андан ары 2023-жылдын август айында Минск шаарында өтө турган КМШ өлкөлөрүнүн II оюндары талкууланды.

Страчко министрди КМШнын II оюндарынын ачылышына чакырып, ошондой эле кыргызстандык спортчулардын дараметин эске алуу менен кыргыз тарапты активдүү катышууга чакырды.

Министр өз кезегинде алдыдагы оюндарга Кыргызстандын спорттук делегациясы спорттун 15тен ашык түрү боюнча катышууну пландап жатканын белгилеп, КМШ өлкөлөрүнүн биринчи спартакиадасына Кыргызстандын атынан спорттун 13 түрү боюнча 157 спортчу катышкандыгын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өз ара даярдыгын белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий