• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын аймагында акыркы суткада 15 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 19.03.24. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында акыркы суткада 15 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 15 күжүрмөн эсеп тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алсак:

  • Бишкек шаарында – 2;
  • Ош облусунда – 2;
  • Чүй облусунда – 5;
  • Жалал-Абад облусунда – 3;
  • Баткен облусунда – 3 тилсиз жоо катталган.

Бишкектеги Алтын Ордо конушунда мончодон өрт чыгып, 10 чарчы метр шыбы күйгөн. Жалын жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшүнөн келип чыккан.

Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы Ак-Ордо-2 конушунда жайгашкан чач тарачтын ички жасалгасы жана буюмдар күйгөн.

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы Кутманов көчөсүндө ачык аянтта таштанды таштоочу жайда 20 чарчы метр таштанды күйгөн.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Сарай айылынын Азимов көчөсүндө жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн 16 чарчы метр шыбы, 8 чарчы метр жыгач полу жана жанаша жайгашкан бастырманын 20 чарчы метр аянты күйгөн.

Баткен облусунда негизинен ачык аянттагы куураган чөптөр күйгөн.

Андан тышкары, куткаруу кызматтары тарабынан бир чыгуу болгон. Тактап айтканда, куткаруучулар Бишкектин Элебаев көчүсүндө жайгашкан үйдүн бекилип калган эшигин ачып беришкен. Эшик ачууга 5 куткаруучу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий