• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандын аймагында сутка ичинде 8 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 28.02.20. /Кабар/. Сутка ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Ленин районундагы Киргизия конушунда эки кабаттуу турак үйдүн, экинчи кабатында 150 чарчы метр жыгач шыбы жана гипсокартон дубалы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон айылында “Daewoo-Tico” үлгүсүндөгү унаанын салону күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Алай районундагы Күнгөй айылында аянты 108 чарчы метр үч бөлмөлүү турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү.

Баткен шаарынын Курманжан Датка көчөсүндө электр мамычасы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий