• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстандын экономикалык жумалыгы – 06-11.07.2020

Аналитика 0

Бул экономикалык жумалыкта коронавируска байланыштуу сырттан алынып жаткан каражаттар, алардын канчасы сарпталганы тууралуу жаңылыктар чыкты. Ошондой эле Кыргызстандын мамлекеттик карызы канчага жеткени, аны төлөөгө канча каражат жумшалып жатканы айтылды.

Мамлекеттик карыз. 2020-жылдын 31-майына карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик (тышкы+ички) карызы 4 млрд 758,55 млн долларды (351 млрд 27,58 млн сомду) түздү.

Каржы министрлигинен билдиришкендей, мамлекеттик карыздын 85,8%ын (4 млрд 80,81 млн доллар же 301 млрд 32,52 млн сом) тышкы карыз, ал эми 14,2%ын (677,74 млн доллар же 49 млрд 995,06 млн сом) ички карыз түзөт.

Сырттан алынуучу каражаттар. Эл аралык каржы институттарынан 627 млн доллар алуу боюнча макулдашуу болгон. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

“Бүгүнкү күнү эл аралык каржы институттарынан 627 млн доллар алуу боюнча сүйлөшүлүп, алдын ала макулдашуу болгон. Ал каражаттын жарымынан көбүн – 321 млн долларын алдык. 306 млн долларды күтүп жатабыз”, - деди ал.

Эски акчалар. Бул аптада Улуттук банк чейин эскилиги жеткен акчаларды алмаштырууну, ошондой эле өлчөнгөн алтын куймаларды сатууну токтотконун билдирди.

“Өлкөдө курч эпидемиологиялык кырдаал жаралгандыгына байланыштуу, СOVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылып кетүү тобокелдигин азайтуу максатында, Улуттук банк өлкөдө эпидемиологиялык кырдаал жакшырганга чейин эскилиги жеткен акчаларды алмаштыруу, ошондой эле өлчөнгөн алтын куймаларды жана нумизматикалык баалуулуктарды сатуу боюнча операцияларды убактылуу токтотот”, - деп айтылат маалыматта.

Мамлекеттик карыз төлөө. 2020-жылдын январь-июнь айларында мамлекеттик карызды (тышкы+ички) тейлөөгө республикалык бюджеттен 15 млрд 972,1 млн сом сарпталды.

Каржы министрлигинен билдиришкендей, 15 млрд 972,1 млн сомдун ичинен 7 млрд 608,3 млн сом мамлекеттик тышкы карызды, 8 млрд 363,8 млн сом мамлекеттик ички карызды төлөөгө сарпталган.

Мамлекеттик тышкы карыз:

- Негизги сумма – 5 млрд 482,1 млн;

- Пайыздары – 2 млрд 126,2 млн.

Бардыгы: 7 млрд 608,3 млн сом

Мамлекеттик ички карыз:

- Негизги сумма – 6 млрд 303,7 млн;

- Пайыздары – 2 млрд 60,1 млн.

Бардыгы: 8 млрд 363,8 млн

“Белгилей кетсек, мурда 2020-жылга бекитилген бюджетке ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын төлөөгө 28 млрд 818,8 млн сом жумшоо пландалган. “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин бул максаттагы чыгымдарга 32 млрд 821,2 млн сом жумшоо каралган”, - деп билдиришти министрликтен.

166 млн доллар грант. Эл аралык донорлордон алып жаткан каражаттардын 166 млн доллары грант болуп эсептелет.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдиргендей, бүгүнкү күнү эл аралык каржы институттарынан 627 млн доллар алуу боюнча сүйлөшүлүп, алдын ала макулдашуу болгон.

“Жалпы сумманын 26%ы грант түрүндө алынууда – 166 млн доллар. Калган 461 млн доллар жеңилдетилген насыя катары берилүүдө. Алардын шарттары: мөөнөттөрү 10 жылдан 20 жылга чейин, үстөгү 0,7-1,5%, негизги сумманы төлөөдө жеңилдетилген мөөнөт каралган”, - деди ал.

СOVID-19 Кыргызстанда. Бул аптада өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында каржы министри Бактыгүл Жеенбаева коронавирус менен күрөшүүнүн алкагында Саламаттык сактоо, Тышкы иштер жана Өзгөчө кырдаалдар министрликтерине жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна республикалык бюджеттен канча каражат бөлүнүп жатканы тууралуу айтып берди.

“Саламаттык сактоо мекемелери жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду артыкчылыктуу тармак катары каржыланууда. Акыркы жумада ооругандардын саны көбөйдү. Ага ылайык, Саламаттык сактоо министрлиги жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тигил же бул багыттар боюнча өздөрүнүн божомолдорун жана керектөөлөрүн кайра карап чыгууда. Өткөн аптада сырттан алынган жардамдар тууралуу маалымат берилген. Ал боюнча маалыматтар берилип турат. Сырттан алынган жардам менен бирге коронавирус менен күрөшүү үчүн республикалык бюджеттен да каражаттар бөлүнүүдө. Өткөн аптада учурдагы кырдаалга байланыштуу кийинки төлөмдөр жасалды: Саламаттык сактоо тармагына 110,8 млн сом – анын ичинде медицина кызматкерлерине кенемте төлөмдөрү үчүн 17,8 млн сом жана ПЧР үчүн чыгымдык материалдарды сатып алуу үчүн 93 млн сом; Андан тышкары кычкылтек концентраторлорун, пульсоксиметрлерди сатып алууга 50 млн сом бөлүнгөн; Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна медицина кызматкерлерине кенемте төлөмдөрү үчүн 91,7 млн сом, саламаттык сактоо мекемелерине жеке коргонуучу каражаттарын сатып алууга 300 млн сом. Ошондой эле өткөн аптада Өзгөчө кырдаалдар министрлигине обсервациялар үчүн 32,7 млн, Тышкы иштер министрлигине мигранттар менен иш алып баруусу үчүн 15 млн сом бөлүнгөн; Андан тышкары Өзгөчө кырдаалдар министрлигине обсервациядагы жумуштар, тамак-аш менен камсыз кылуу, дезинфекция ж.б. үчүн 52,9 млн сом бөлүү каралууда. Бүгүнкү күнгө жалпы сумма 604,7 млн сомду түзүүдө”, - деди ал.

Сырттан алынган каражаттардын сарпталышы. Сырттан алынган каражаттардын 173 млн доллары сарпталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Ал билдиргендей, бүгүнкү күнү эл аралык каржы институттарынан 627 млн доллар алуу боюнча сүйлөшүлүп, алдын ала макулдашуу болгон. Анын ичинен 321 млн доллары өлкөгө келген.

“Ал каражаттын 173 млн доллары сарпталды: Эл аралык валюта фондунан биринчи транш менен келген 121 млн доллары, Азия өнүктүрүү банкынын 50 млн доллары, Дүйнөлүк банктын 2 млн доллардан ашык каражаты. Калган 140 млн доллар Борбордук казынанын эсебинде турат”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий