• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын негизги аба майданы III ДКОго келген конокторду тосуп ала баштады

ДКО 2018 0

Бишкек, 31.08.18. /Кабар/. Кыргызстандын негизги аба майданы III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келген конокторду тосуп ала баштады. Коноктордун жана катышуучулардын агымы күндөн күнгө көбөйүүдө. Паспорттук текшерүүдөн өткөрүү пунктунун алдынан улуттук кийим кийген ыктярчы кыздар чет өлкөлүк өкүлдөрдү, маданий жана спорттук делегаттарды тосуп алышууда, алар келген конокторго жайгашуу жайлары жана логистика боюнча түшүндүрүшүүдө.

Ошондой эле чет өлкөлүк ММКнын өкүлдөрүн атайын даярдыктан өткөн, англис, немец, түрк, араб, корей тилдерин билген 50 ыктярчы тосуп алып коштоп жүрүүдө.

Мындан сырткары, чет өлкөлүк журналистерди тез каттоо үчүн “Медиа жана PR” жумушчу тобу үчүн “Манас эл аралык аэропорт” ААКнын жетекчилиги өзүнчө бурч бөлүп берди, ал жерде келген коноктор үчүн күнү-түнү кофе-брейк уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий