• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстандын тышкы карызы 4 млрд 887,46 млн долларды түздү

Экономика 0

Бишкек, 14.01.21. /Кабар/. 2020-жылдын 30-ноябрына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы (тышкы+ички) 4 млрд 887,46 млн АКШ долларын түздү - сом менен 414 млрд 448,46 млн болот.

Финансы министрлигинен кабарлашкандай, анын ичинен:

- 86,3 % мамлекеттик тышкы карыз - 4 млрд 218,38 млн АКШ доллары (357 млрд 711,54 млн сом);

- 13,7 % мамлекеттик ички карыз - 669,08 млн АКШ доллары (56 млрд 736,92 млн сом).

Пикир

Оставить комментарий