• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курамасы Азия чемпионатына катышат

Спорт 0

Бишкек, 07.02.23. /Кабар/. Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасы жөө күлүктөр Казакстандагы Азия чемпионатына катышат. Бул тууралуу Кыргызстандын жеңил атлетика федерациясынан билдиришти.

Спорттук иш-чара 10-12-февралда Астана шаарында өтөт.

Курама команданын тизмеси: Ангелина Тяпова – 60 метр аралыкка тоскоолдуктар менен чуркоо, Светлана Майер – секирүү, Айнуска Калил кызы – 1500 метр, 3000 метр аралыкка чуркоо, Тимур Исаков – секирүү, Мусулман Жоломанов –1500 метр, 3000 метр аралыкка чуркоо.

Спортчулар улук машыктыруучу Андрей Полубабкин менен барышат.

Пикир

Оставить комментарий