• 88.68
  • 95
  • 0.95

Даулет Турлыханов: Кыргызстанда күрөш эң күчтүү спорт түрлөрүнүн бири

Спорт 0

Бишкек, 21.06.22. /Кабар/. Кыргызстанда күрөш эң күчтүү спорт түрлөрүнүн бири. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсү-Азия президенти Даулет Турлыханов Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, кыргыз балбандары Азия континентинде эле лидер болбостон, өлкө атын дүйнөгө ийгиликтүү даңазалоодо.

Ошондой эле Бириккен күрөш дүйнөсү-Азия президенти Даулет Турлыханов Бишкекте грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионаты жогорку деңгээлде өтүп жатканын айтып, уюштуруу комитетине ыраазычылык билдирди.

Жолугушуу Бишкекте башталган грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатынын алкагында болду.

Пикир

Оставить комментарий