• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанга бөйрөк алмаштырууда органдын шайкештигин аныктоочу жабдык келет

Ден соолук 0

Бишкек, 12.10.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанга жакында бөйрөк алмаштырууда органдын шайкештигин аныктоочу лабораториялык жабдык келет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Улан Садыков билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда бир нече жылдан бери бөйрөктү алмаштыруу тажрыйбасы жүргүзүлөт.

“Бүгүнкү күндө бөйрөк алмаштыруу боюнча 54 операция жасалды. Лабораториялык изилдөөдө гана көйгөй болуп, бейтаптар Казакстанга барып, органдын шайкештигин текшерип турчу. Мындай лабораториялык жабдыкты алууга министрлер кабинетинен каражат бөлүндү. Аны сатып алуу процедурасы жүрүүдө. Ноябрь, декабрда өлкөгө келери күтүлүүдө. Ал министрликтин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине коюлат. Мындан ары бөйрөктү алмаштыруунун бардык процедурасы: бейтапты даярдоо жана операциясы Кыргызстанда жасала баштайт”, - дейт ал.

Садыков тиешелүү мамлекеттик кызматтар бөйрөк алмаштыруунун татаалдашкан эмес формасы үчүн жасала турган операциянын баасын бекиткенин маалымдады.

“Операциянын баасы 7 миң 100 долларды түзөт. Бул баа Борбор Азия өлкөлөрүндө эң арзан болууда”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий