• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанга келген Батыш Африканын артисттери III ДКО тууралуу социалдык тармактардан билишкен

ДКО 2018 0

Чолпон-Ата, 07.09.18. /Кабар/. Гвинея Республикасынан артисттердин тобу 4нөн 7-сентябрга чейин Ысык-Көл облусунда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулган “Көчмөндөр ааламы” Эл аралык этно маданий фестивалга катышуу үчүн Кыргызстанга келишкен.

Күн мурун этношаарчанын ишинин жыйынтыгы тууралуу өткөрүлгөн маалымат жыйындын башталаар алдында, артисттер атайын журналисттер үчүн салттуу ыр жана бийлерин аткарып беришти, - деп маалымдайт ДКОнун катчылыгы.

“Биздин топ этно маданий фестивалга катышуу үчүн келди. Боло турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары тууралуу Facebook социалдык түйүнүндө жазылган маалымат аркылуу билдик. Катышуу үчүн кызыктар экендигибизди билдирдик жана чакыруу алдык. Биз бул жакка келгенге мүмкүндүк алганыбыз үчүн сиздердин өлкөгө ыраазыбыз. Кыргызстан укмуштуудай жашыл жана дүйнө сүйгөн өлкө”, - деп билдиришти артисттер.

Пикир

Оставить комментарий