• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кызыл-Кыяда дүкөндөрдөн акча уурдоого шектелген 2 жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 08.12.23. /Кабар/. Кызыл-Кыя шаарында түн ичинде дүкөндөрдүн кулпусун бузуп, акча уурдоого шектелген эки жаран кармалды.

Баткен облустук милициясынан билдиришкендей, Кызыл-Кыя шаарындагы темир сатуучу, курулуш буюмдарын сатуучу дүкөндөрдүн жана дарыкана ээлери милицияга арыз менен кайрылып, анда ноябрь айынын аяк чендеринен баштап, түн ичинде дүкөндөрдүн кулпусун бузуп кирип, кассасында турган акчалары белгисиз жарандар тарабынан уурдалып жаткандыгын билдиришкен.

Кызыл-Кыя шаардык милициясы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурулук) негизинде 8 арыз катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө жабырлануучуларга жалпысынан 138 миң 631 сом зыян келгендиги такталган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип Ош облусунун Ноокат районунун 24 жаштагы З.М. жана 18 жаштагы А.К. аттуу тургундары Кызыл-Кыя шаарынан кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий