• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кызыл-Кыяда шаардык оорукананын операциялык блогунун жаңы имараты ишке берилди

Ден соолук 0

Бишкек, 17.03.23. /Кабар/. Кечээ, 16-мартта Кызыл-Кыя шаарында Жалпы дарыгердик практика борборунда операциялык блоктун жаңы имараты ишке берилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, имараттын ачылышына саламаттык сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиев, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Баткен аймактык башкармалыгынын директору Иличбек Салибаев, Кызыл-Кыя шаарынын мэри Асилбек Маткалыков, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин төрагасы Жыргал Калматов жана Кадамжай, Айдаркен, Үч-Коргон Жалпы дарыгердик практика борборлорунун директорлору катышты.

Жаңы ачылган операциялык блок медициналык талаптарга ылайык жасалды. Анда хирургиялык, травматологиялык-ортопедиялык, урологиялык операциялар, шашылыш операциялар жана эндохирургиялык операциялар үчүн өзүнчө бөлмөлөр каралып, заманбап медициналык жабдыктар менен камсыздалды. Алар: жалпы суммасы 1 млн 400 миң сом турган 2 жаны операциялык стол, 1 млн 800 миң сомдук 5 комплект операциялык көлөкөсүз (безтеневая) лампалар, 2 млн 900 миң сомдук наркоздук дем алдыруучу аппарат жана башка керектүү операциялык шаймандар алынды.

Андан сырткары, жүрөк-кан тамыр ооруларынын дартын аныктоо үчүн заманбап үлгүдөгү ЭХО-УЗИ-аппараты алынып, ишке киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий