• 88.68
  • 95
  • 0.95

“Кызылча иштетүү 4 эсе көп пайда алып келет” – кызылча менен алектенген Али мырза

ТАГДЫР 0

Акыркы жылдары кызылча иштетүү кирешелүү бизнеске айланды. Көптөгөн дыйкандар бул тармакта күчүн сыноого киришип, бирөөлөрү жакшы пайда көрүшсө экинчилери чоң чыгымдарга учурап жатышат. Бунун алдын алуу үчүн бул тармактын эксперти менен кызылча иштетүүнүн пайдасы, коркунучтары жана жол-жоболору тууралуу баарлашууну эп көрдүк. Кызылча менен 3 жылдан ашуун убакыт алектенип келе жаткан Али Абазганов бул тармактын чоо-жайын жакшы билет. Алгач өз жеринен баштап, кийин жыл өткөн сайын улам көбүрөөк жерди ижарага алып иштетип келет.

- Али мырза сиз кайсы жылы кызылча менен алектене баштадыңыз? Биринчи тажрыйбаңыз тууралуу айтып бериңизчи?

- Биз Кант шаарында турабыз, аты айтып тургандай шаарда Кант заводу бар. Дыйкандардын басымдуу бөлүгү кызылча менен алектенип, көп киреше табышат. Кээ бир бизнес адамдары 500- 1000 гектар жерге жалаң кызылча эгишет. Буларды көрүп мен да күчүмдү сынап көрүүнү чечтим. 2015-жылы бир досум экөөбүз 3 гектар жериме он эки гектар аймакты ижарага алып кошуп, кызылча айдадык. Биринчи жыл болсо дагы жакшы түшүм алып, ар бирибиз 200 миң сомдун тегерегинде пайда көрдүк. Экинчи жылы болсо 37 гектар жерди үч адам иштетип, мына быйыл да ошондой көлөмдөгү жерге кызылча эгип отурабыз.

- Биринчи эле жылы жакшы пайда көргөн экенсиз, бул жолуңуздун болгонубу же кызылча бизнеси ушунчалык кирешелүүбү?

- Дыйканчылык менен алектенген ар бир инсан жакшы билет, түшүм бир жылы жакшы бир жылы начар болот. Кызылча деле ушундай, бирок анын артыкчылыгы төмөндө: башка эгин иштеткенде кеткен чыгымдан эки эсе пайда түшсө, кызылчадан үч же төрт эсе көп киреше тапса болот экен. Бул тараптан караганда албетте кызылча иштетүү кирешелүү.

- Кызылча менен алектенем деген адам эмнеден баштоосу керек?

- Адегенде өзүнүн жерин иштетип күчүн сынап көрүүнү сунуштайт элем. Болбосо көлөмдүү жерден чоң чыгымга учурап калуу коркунучу бар. Ар бир адам өзүнүн шартына жараша иштетет, бирок бул иш менен бизнес кылам дегендер негизи 10- 15 гектардан жогору жерди алганы оң. Жерди ижарага алуу баардык региондо мүмкүн, бирок баасынан айырма болот. Мисалы Кант шаарында бир гектар жерди 12 миң сомдон 20 миң сомго чейинки баада алса болот, базардагыдай эле сапатына жараша баасы жогорулайт.

- Айыл- чарба дегенде эле алгач жер иштетүү үчүн техникалары эске келет эмеспи. Сиздин иште ал маанилүүбү?

- Биздин иштин 100%ын техника менен жасайбыз, ошондуктан абдан маанилүү. Канчалык көп техника шаймандары өзүбүздүкү болсо ошончолук жакшы. Мисалы, өзүңдүн техникаңды кошуна жерлерди иштетип кошумча маяна табуу үчүн да колдоно аласың, бирок бузулганын оңдоого кеткен чыгым да өзүңдүн моюнуңда болот дечи, кыскасы жакшы да жаман да тарабы бар. Бирок өзүңдү техникан жок болгон учурда сезон башталганда техника тартыш болуп иш токтоп калуу коркунучу болот. Иштин 100%ын техника жасайт десем, кээ бирилери таң калышы мүмкүн.

Бирок бул чындык, жерди казгандан кызылчаны жыйнап алганга чейинки процессте колдонулган техникалар: соко, малование, сеялка, борозда, культивация, дары сепкич, , свеклоуборочный комбайн, камаздар, ЮТО жана МТЗ деген тракторлор колдонулат. Чөбүн адам жалдап чаптырып отурбай, чөпкө каршы дары себүү керек. Кызылчаны жыйноодо дагы адам салбай эле, комбайн менен казып алса мыкты болот. Бул метод абдан эффективдүү, анткени адам жалдап 10 күндө бүтчү ишти комбайн 3 күндө бүтүрөт. Албетте, чыгымын эсептегенде бирдей эле каражат кетиши мүмкүн, бирок техника менен убакытты үнөмдөсө болот.

- Эң мыкты. Али мырза мындай чоң ишти жасоого чоң каражат кетээри талашсыз, биз билгендей азыр карапайым элдин банкта сакталган акчасы жок да, бул маселени кантип чечсе болот?

- Ооба, көп каражат сарпталат. Биз иштетип жатканда кредит алдык, партнёрубуздун каражатын колдондук, кыскасы бир жолун тапса болот. Азыр көп дыйкандар атайын аз пайыздагы кредиттерди алып жатышат, бул туура чечим деп ойлойм. Жана техникасы бар адамдар чогулуп иштетишсе мыкты болот, мынча көп техниканы бир адам жалгыз ала албайт. Ал эми андай мүмкүнчүлүк жок болсо эртерээк аракет кылып, ижарага сүйлөшүп, техниканы камдап коюу керек, болбосо убакытты өткөрүп алуу коркунучу бар.

- Коркунуч тууралуу айтып калдыңыз, буга кененирээк токтолсоңуз, кызылча иштетем дегендер эмнеден кооптонуулары керек?

- Коркунучтар көп эле болот, бир жыл менен экинчи жыл окшош болбойт. Жаанчыл болгон жылы абдан жакшы, жер кургабайт, кызылчалар чоң болуп өсөт. Ал эми жыл кургакчыл болсо канча сугарба жетишсиз болот. Негизи аба-ырайы көп нерсеге таасирин тийгизет, мисалы жыйноо учурунда катуу жаан жаап койсо комбайндар талаага кире албай калат да кызылча убагында казылбай калышы мүмкүн. Жаан жаап калган учурда казылган кызылча ылай болуп, завод кирдиги үчүн көп пайыз алып коет. Бунун алдын алуу үчүн ылай болгон кызылчаны тазалап кайра жүктөө үчүн жумушчуларды жалдаган туура болот.

Дагы бир эске алчу нерсе заводдун иш тартиби, ал мекеме ар бир районго белгилүү мөөнөт берип коёт да башка убакытта кызылчаны кабыл албайт. Ошол берилген 15 күндүн ичинде жетишип тапшырып калуу керек. Техника меселесине келгенде чоң көйгөйлөр чыгышы мүмкүн, сезон учурунда элдин баары жыйноого киришет да техникалар алтындын баасындай болуп калат. Аба-ырайы төп келип турганда трактор, комбайндар бошобой, кезек жетпей калышы ыктымал.

- Чоң рахмат Али мырза, ишиңизге ийгилик каалайбыз!

Даярдаган Айсулуу Кабылбекова

Пикир

Оставить комментарий