Каныбек Өмүрбеков: Манас эпосу боюнча “Ороздунун он уулу” анимациялык тасмасы жасалууда

ТАГДЫР 0

Анимация азыр кеңири өнүгүп, ар бирибиз үчүн кызыктуу. Жансыз сүрөт кыймылга келип, адамдан кем калбай күлөт, кайгырат, чуркайт. Арийне ага “жан киргизген” анимация жасаган адистер. Бул багытта студенттерге анимациянын негиздерин үйрөтүп, анимациялык тасмаларды тарткан адис Каныбек Өмүрбеков менен маек курдук.

- Анимация тармагына кантип келип калдыңыз?

- Кесибим боюнча көркөм өнөр мугалими билимин алдым. Бирок менин мугалим болуп иштегим келчү эмес. Көбүнчө чыгармачылык иш, дизайн менен алектенсем деп ойлочумун.

Бир күнү “Кыргызфильм” кино студиясында анимациялык тасма тартылат, сүрөтчү керек” деген жарыяны окуп калдым. Менин анимация тууралуу кабарым деле жок болчу. Сүрөт, графика, дизайн боюнча иштечүмүн. Барып көрөйүн деп чечтим. Үмүтбек Жайлообаев деген жигит бир мульт тасма тартып жатыптыр. Анын тобуна кирип, сүрөтчү болуп иштеп калдым. Мульт тасманын аты - “Аккан алма” (“Плывущее яблоко”). Бир аз иштегенден кийин эле Сагын Ишенов Алыкул Осмоновдун өмүр баяны боюнча "Акын" анимациялык фильмин тартып калды. Айта кетсем, Сагын Ишенов - алгачкы кыргыз анимациялык тасмалардын режиссеру. Ошентип алар менен аралашып калдым. Ал жерде көбүнчө каармандардын дизайны, каармандарды, кадрларды жасоо менен иштедим. Жарым жылдан ашык иштегенден кийин “Кыргызфильм” киностудиясынын жетекчилери “окуп келишиң керек" деп Москвага эки жылдык киносценаристтер жана кинорежиссерлор жогорку курсуна жиберишти.

Ал убакта “Кыргызфильм” киностудиясында анимациялык бөлүм бар болчу. Балдарга арналган ар кандай анимациялык тасмалар тартылчу. Жылына үч-төрт 10 мүнөттүк тасма чыгарылчу. Атайын анимация тартканга чоң камералар бар эле. Режиссер, сүрөтчү-аниматор, декоратор сыяктуу 20-30 адис иштечү.

- Учурда Кыргызстанда анимация кандай өнүгүп жатат?

- Союз тарагандан кийин бир эле анимация эмес, жалпы “Кыргызфильмге” кыйын болду. Каржы жок болду. Аз-аздан анимациялык тасмалар тартылып жатты. 2000-жылдары рыноктук мамиледе жарнамага муктаждык артты. Күчтүү, таасирдүү деген ыкмалардын бири анимациялык жарнама, роликтер болчу. Рыноктун таасири менен жеке студиялар ачыла баштады. Учурда да жеке студиялар ачылып жатат. Менимче жакшы эле өнүгүүдө. Андан тышкары мурункудай телевидение, кинодо эмес, ошол эле интернет, архитектура, билим берүүдө, медицинада талаптар көбөйүп жатат.

Ошондой эле "Кыргызфильм" эпосторду экрандаштыруу багытында иштеп жатышат. Бул тармак дагы бизде алдыда өнүгөт. Анткени жаңы технологиялар келип жатат.

- Өзүңүз жасаган анимациялык тасмалар тууралуу айта кетсеңиз?

- Режиссерлук курсту окуп келгенден кийин алгачкы анимациялык тасманы Жоомарт Бөкөнбаевдин "Бака жана жылан" деген тамсили боюнча тарттым. Ал 10 мүнөттүк болуп жасалды. Азыр ал “Кыргызфильмдин” архивинде сакталып турат. Ага удаа эле бир жылга жетпей Бакир Жусупбековдун сценарийи боюнча "Этюд" деген тасма жасалган. Биринчи тасма балдарга арналган, экинчиси философиялык ой жүгүртүү, турмуш жөнүндө. Кийинки жылдары каржы жок болгондуктан мен ал жерден жеке тармактарга, реклама жакка жана телевидениеге иштеп кеттим. Теледе каналдын ичиндеги берүүлөрдү жасалгалоо иштерин жасачубуз. Жарнамалык, тааныштыруучу тасмалдарды тартчубуз.

Кийин Садык Шер-Нияз “Айтыш фильмге” иштешүүгө чакырды. Ошентип “Айтыш” менен иштешип, эки кыска метраждуу анимациялык тасма жаралды. Бирөө "Ажыдаардын үңкүрү", экинчиси "Жалкоо" деп аталат. Биринчиси ажыдаар тууралуу уламыш менен байланыштуу. Анын кыскача сюжети: үңкүргө кирип ажыдаарды жеңген адам өзү кайра ажыдаарга айланып калат.

“Жалкоо” деген турмуштук темада, мораль тууралуу айтылат. Эч нерсе жасагысы келбеген адамдар бар. Алар бирөөнүн эсебинен жашагысы келет. Ошол жөнүндө кыскача окуя. Ал ар кимдикине конокко барып күн өткөргөндү жакшы көрөт. Аягында жалкоолуктун айынан ташка айланып калат. Бул жаштар, балдар үчүн тарбиялык мааниде жасалган.

“Ордо” студиясы менен биргеликте буюрутма менен өзгөчө кырдаалдар боюнча социалдык роликтер жасалды. Ошондой эле бир катар анимациялык тасмаларда сүрөтчү-коюучу, адис кеңешчи катары иштедим.

- Учурда кандай долбоорлор боюнча иштеп жатасыз?

“Кыргызфильм” эпосторду экрандаштыруу боюнча иштеп жатат деп айтпадымбы. Буга Маданият министрлиги колдоо кылып жатат. Ошонун алкагында азыр "Ороздунун он уулу" деген жумушчу ат менен кыска анимациялык тасма жасалып жатат. Азыр ал баштапкы долбоор катары аткарылууда. Жусуп Мамайдын варианты боюнча “Манас” эпосунун негизинде тартылууда. Анда Манас төрөлгөнгө чейинки мезгил, анын аталары тууралуу баяндалат. Буйруса ал келерки жылы жазында бүтүп калышы керек. Мында режиссер катары иштеп жатам. Азыркы “Ороздунун он уулу” ийгиликтүү чыкса, Маданият министрлиги андан кийин уландысын колдойт.

- Анимацияга кызыгып, аны үйрөнүүнү каалагандар эмнеге көңүл бурушу керек?

- Анимация тууралуу айтсак ал көп тармактуу. Кайсы тармагында иштегениңе жараша адамдын билими болушу керек.

Эстетикалык, көркөм өнөр жагынан, скульптура, сүрөттүн негизин билүү, композиция, түстөрдүн физикасы, психологиясы менен тааныш болууга тийиш. Физика мыйзамдарын билип, үйрөнүп чыгышы керек. Ошондой эле чыгармачыл мамиле жасап, ички ой кыялы күчтүү болушу зарыл. Анимация тармагында кесипкөй катары иштейм дегендер көп нерсени билүүсү керек.

- Мүмкүндүк болсо кандай анимациялык тасма жаратуу оюңузда бар?

Кыргыз фольклору бай эмеспи. Тарых, уламыштардагы окуялар боюнча анимациялык тасма жаратуу оюмда бар. Аны жаратууда жаңы технологияларды колдонуп көргүм келет. Бирок ал үчүн ири каражат, техника зарыл. Андан тышкары тажрыйбалуу адистер - бир-эки киши эмес, ондогон адамдар керек.

Маектешкен Нуржигит Бейшебаев

Пикир

Оставить комментарий