• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ленин районунан депутатты шайлоо. 124 миң 810 бюллетень даярдалды

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 23.05.23. /Кабар/. Бишкекте үстүбүздөгү жылдын 28-майына белгиленген №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда тандоого арналган шайлоо бюллетендерин даярдоо иштери аяктады.

Борбордук шайлоо комитетинен билдиришкендей, жалпысынан 124 миң 810 шайлоо бюллетени даярдалды. Тагыраагы, кыргыз тилинде 62 миң 405 бюллетень жана орус тилинде 62 миң 405 бюллетень, 51 бюллетень Брайль арибинде басылып чыкты.

“Учкун” ААКда шайлоо бюллетендерин даярдоо процессине туруктуу (күнү-түнү) мониторинг БШКнын мүчөлөрү жана БШК аппаратынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп турду. “Учкун” ААКсынын басмаканасында жабдуулардын комплектиси орнотулуп, анда №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо үчүн басылган бюллетендер сыноодон өткөрүлдү. Коопсуздукту УКМК менен Ички иштер министрлигинин кызматкерлери камсыздашты”, - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, шайлоо бюллетендери жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана коомдук байкоочулардын катышуусунда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына өткөрүп берилди жана 14 кг 900 гр жараксыз бюллетен жок кылынды.

Пикир

Оставить комментарий