• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өлкөдө инвесторлорго жеткиликтүү либералдык салык шарттары түзүлгөн - Кожошев

Экономика 0

Бишкек, 25-июль /Кабар/. Экономика министрлигинде министр Арзыбек Кожошевдин катышуусунда өлкөнү экономикалык жактан өнүктүрүү маселеси боюнча брифинг болуп өттү. Анда министр ишкерчилик менен алектенгендерге жана инвесторлорго Кыргызстанда жеткиликтүү либералдык салык тартиби түзүлгөнүн айтты. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, өлкө салыктардын саны боюнча (салыктын 8 түрү бар, алардын 2 жергиликтүү-жер салыгы жана мүлк салыгы) жана салыктын чени боюнча ( пайда салыгы 10%, киреше салыгы 10% жана КНС 12%), салык эрежелеринин туруктуулугун камсыз кылуу, башкарууну жакшыртуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен коштолгон шарттар инвесторлор үчүн (10 жыл) убакыт берилет.

Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Кожошев, салыктардын чен өлчөмү республикада төмөн жана ал Россия, Тажикстан, Белорусия, Арменияныкынан айырмаланып турат. Бул өз кезегинде экономиканын өсүшүнө шарт түзөт деди.

Кыргыз өкмөтү тарабынан бекитилген токтомго ылайык, экономиканы калыбына келтирүүгө, бюджеттин киреше булагын жогорулатууга багытталган салык саясаты Мамлекеттик салык кызматынын кирешесин ЕАЭБдин салыктарын кошуп эсептегенде 11,3% же 2016- жылы киреше 67 812,7 млн сомду түзгөн. (бул 2015-жылга салыштырмалуу 6 882,1 млн сомго көп). Өзгөчө ЕАЭБ өлкөлөрү тарабынан ташып келүүлөрдөн түшкөн КНС болжолу менен 2015-жылы 4,7 млрд сомго 2016-жылы 12,1 млрд сомго же 2,5 эсеге көбөйгөн.

Мындан тышкары Кожошев бул жыйынтыктар атаандаштыкты түзүүгө багытталган саясаттын жыйынтыгы экенин баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий