• 88.68
  • 95
  • 0.95

“Мүмкүнчүлүк чегинен чык” — Ошто жаштардын креативдүү долбоорлорун тартуулаган иш-чара өттү

Аймак 0

Бишкек, 31.05.22. /Кабар/. Күн мурун, 30-майда Ош шаарында шаарга ыңгайлуу жана энергияны үнөмдөөчү шарттарды түзүү максатында “Мүмкүнчүлүк чегинен чык” деген темада жаштардын креативдүү, амбициялуу идеяларын жана долбоорлорун тартуулаган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, “Интербилим” уюмунун Оштогу өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Гүлгакы Мамасалиева, шаардык мекеме-уюмдардын өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын студенттери, чыгармачыл жаштар катышты.

Анда калаа башчы шаар тургундарына жана конокторуна тиешелүү шарттарды түзүү максатында Ош шаарынын мэриясы тарабынан системалуу жана максаттуу жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду.

“Учурда креативдүү экономиканы өнүктүрүүгө өлкө башчы Садыр Жапаров тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп жатат. Бул багытта атайын президенттин жарлыгы да кабыл алынган. Ошондуктан бүгүнкү иш-чаранын өткөрүлүп жатышы биз үчүн өтө маанилүү. Ош шаарынын мэриясы шаардын жаш тургундары менен конструктивдүү диалогко эле даяр болбостон, шаарды өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктоого, ал багыттарды ишке ашырууга даяр. Сиздердин идеяларыңыздарды карап чыгып, аларды ишке ашырууга тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилет”, - деп баса белгиледи мэр.

Белгилей кетсек, бул чыгармачыл иш-чара креативдүү жаштардын ичинен ойлоп табуучулар менен практиктердин кызматташуусунун жаңы форматы болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий