• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Максутов Беларустун маданият министринин орун басары менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 13.06.23. /Кабар/. Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Беларустун маданият министринин орун басары Сергей Саракач баштаган делегация менен жолугушту.

Министрликтен билдиришкендей, жолугушуу Беларустун Кыргызстандагы маданият күндөрүнүн алкагында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Беларустун ортосунда түзүлгөн салттуу-достук мамилелердин жогорку деңгээлин баса белгилешти.

Тараптар ошондой эле биргелешкен иш-чараларды өткөрүү маселелерин талкуулап, маданият жана искусство чөйрөсүндө Маданият министрликтеринин жетекчилеринин жана ЖОЖдордун студенттеринин деңгээлинде иш сапарларды алмашуу маселелерине көңүл бурушту.

Жолугушууга ошондой эле Беларустун Кыргызстандагы элчиси Андрей Страчко катышты.

Пикир

Оставить комментарий