• 88.68
  • 95
  • 0.95

Садыр Жапаров Италиянын премьерине Сильвио Берлусконинин дүйнөдөн кайтканына байланыштуу көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 13.06.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаров Италиянын премьер-министри Джорджа Мелониге өлкөнүн мурдагы премьер-министри Сильвио Берлусконинин дүйнөдөн кайтканына байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

“Италия Республикасынын мурдагы премьер-министри Сильвио Берлусконинин дүйнөдөн мезгилсиз кайтыш болгонуна байланыштуу чын дилимден көңүл айтам. Ал өлкөнүн тарыхында чоң из калтырган лидер жана Италиянын чыныгы патриоту болгон. Анын элеси Италия элинин жүрөгүндө түбөлүккө калат. Биз Сильвио Берлусконинин үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтып, кайгысын жана жоготуусун тең бөлүшөбүз”, - деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий