• 88.68
  • 95
  • 0.95

Мамлекеттик катчы: Баардык ишенимдин түпкү мааниси – адам баласын кулчулук психологиядан арылтуу

Коом 0

2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу алкагында, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында “Диндердин өнүгүү тарыхы” предметин киргизүү жөнүндө” жарлыгын чыгарды. Буюрса, эми аны ишке ашыруу чараларынын программасы иштелип чыкканы турат. Ырас, жаштарга диндердин тарых-таржымалын окутуу демилгеси буга чейин деле айтылып келген, бирок колго алынган эмес. Эми минтип маселенин кабыргадан коюлуп жатышы өлкөнүн диний чөйрөсүндөгү абалдын анчылык деле алымсындырарлык эмес экенин каңкуулап турат. Эмне кылуу керек? Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов мектеп программасына “Диндердин өнүгүү тарыхы” сабагын киргизүүнүн зарылдыгы, салттуу диндердин коомубузда ээлеген орду тууралуу өз пикирин билдирди.

Адегенде эле айта кетейин, биресе кызматыма байланыштуу, биресе Кыргызстан көп улуттуу, көп конфессиялуу өлкө болгондуктан, диний уюмдардын жетекчилери, дин кызматкерлери менен тез-тез жолугушуп, өз ара пикир алышып турам. Жүрүм-турум маселелери, медреселерде окуган балдар менен жоолукка түйүлгөн наристе кыздардын абалы, дамбал кийип, бутуна тапичке сүйрөгөн молдокелер жаатында көптөгөн талаш-тартыштар болду, далай жолу жеме уктум. Акыры бири-бирибизди түшүнүштүк окшойт, көйгөйлөрдүн көбү акырындык менен чечиле баштады.

Билим берүү мекемелерине дүйнөлүк диндердин пайда болуу, калыптануу жана өнүгүү тарых-таржымалын окутуу боюнча атайын сабак киргизүү маселесин да көптөн бери козгоп келем. Конфессиялар аралык тирешеүүлөр баш көтөрө баштаган, дүйнөдө диний экстремизим жосундары күчөп, терроризм менен радикализм тобокелчиликтери чектен ашкан азыркы шартта диндин жаралуу тарыхын, анын түпкү маанисин калкка туура түшүндүрүүнүн мааниси зор. Анткени, өз ишениминин таржымалын жетик билген адам башка бирөөнүн жетегинде калбайт, экстремисттик жана террордук топторго кошулбайт.

Азыркы ааламдашуу доору бир да мамлекет аргандай ички жана тышкы коркунучтарга каршы жалгыз-жарым күрөшө албай турганын көрсөттү. Ал эриш-аркак биргелешкен күч-аракетти талап кылат. Мында, албетте, унутта калып бараткан улуттук каада-салттарды жандандыруу, ата-бабадан келаткан нарк-насилди сактоо, жалпы адамзаттын руханий баалуулуктарын калкыбыздын калың катмарына жеткирүү чаралары да четте калбоого тийиш. Диндердин тарыхын таанып-билүүнүн түпкү таалим-тарбиялык мааниси да дал ушунда турат.

Кыргыз Республикасынын Конституциясы ар бир жаранга дин тутуу эркиндигин кепилдейт, кайсы бир диндин мамлекеттик же милдеттүү дин катары кабыл алынышына тыюу салат, динди жана бардык диний ырасымдарды мамлекеттен ажыратууну камсыз кылат, диний бирикмелердин, дин кызматчыларынын мамлекеттик бийлик органдарынын ишине кийлигишүүсүнө жол бербейт. Бирок, мындай жоболор дин тармагы мамлекеттин көзөмөлүнөн тышкары жашайт дегенди түшүндүрбөйт, көзөмөл болот, ошон үчүн мамлекет да.

Совет доорунда динге ишенгендердин көпчүлүгү негизинен эки конфессияга – ислам дининин ханафий мазхабындагы суннит багытына жана христиан дининин православ багытына таандык болгон. Кантсе да, биздин жарандарыбыз башынан карманып келген бул эки багыт этностордун көп катмардык жана ишенимдердин көп түрдүүлүк шартында өз ара сабырдуулукка, бири-бирин урматтай билүүгө, мамлекет менен өнөктөш болууга жөндөмдүү экендигин тарыхый жактан далилдей алды.

Кыргызстан эгемендикке ээ болгону, өлкө аймагында дагы башка көптөгөн диний агымдардын өкүлдөрү баш көтөрө баштады. Мисалы, мектептерге караганда мечиттер көп салынат экен. Совет мезгилинде 39 мечит, 3 чиркөө болсо, акыркы 30 жыл аралыгында 1895 мечит курулган, 3348 диний уюм каттоодон өткөн. Ошондой эле 65 медресе, 10 ислам багытындагы окуу жайы иш алпарат. Ал эми каттоодон өтпөй, экстремисттик багытты бекем туткан, конституциялык түзүлүштү өзгөртүп, теократиялык системага алмаштыруу максатында, көшөгө артында көмүскө иш жүргүзгөн уюмдар канча. Албетте, алардын мамлекеттин көзөмөлүнөн сырткары калышы кооптондурбай койбойт.

Белгилей кетсек, ислам дининин негизги суннит, шеит, исмаилит багыттары бар. Анын суннит агымы ханафий, шафинт, маликит, ханбалит сындуу 4 топтон турат. Кыргызстандагы мусулмандар анын ичинде ханафий мазхабын карманат. Андан тышкары, Кыргызстанда мыйзам аркылуу 21 диний, экстремисттик, террордук уюмдарга тыюу салынган.

Дегеле, ишенимсиз эл болбойт. Ар адамдын жеке ишенимин да сыйлоо керек. Баарыдан мурда, өз башатыбыз менен өз ынанымыбызды да урматтоого тийишпиз. Ишеним жалпы жашоо-турмушубуз менен жалгашып кете алса, караламан калктын калың катмарына сиңип, өз жашоосун андан ары улантат. Ошентип, кайсы бир кезде жолу кайчы түшкөн диндердин айрым бир белгилерин каада катары карманып калдык. Кыскасы, баары аралаш. Ал жалпы белгилери боюнча диний ишенимге караганда, каада-салтка жакындашып кетет.

Бизге ислам дининин кечеңирээк келгени кыргыз тилинин сөз корунун катышынан деле байкалып турат. Анткени, тил аргандай тарыхый таасирлерден четте калбайт. Кыргыз тилинде 2177 арап тектүү сөз камтылган, башкача айтканда, жалпы лексикабыздын 5,5 пайызын түзөт. Алардын көбүнүн айтылышы өзгөрүп кеткен же баштапкы маанисинен ажыраган. Ал эми ислам динине эртерээк аралашкан өзбек тилинде бул катыш 17 пайыздын тегерегинде болсо керек эле.

Жайнамазын жаябы же тарсача такыба чокунабы, буркурап бутка сыйынабы же көк асманга алакан жаябы, айтор, ал ар кимдин өз эрки. Бирок, өзүнүн жеке ишенимин башка бирөөгө таңуулоого эч кимдин эч кандай акысы жок. Сырттан күч менен таңууланган нерсе жандүйнөгө жуурулушуп кете албайт. Дин укумдан-тукумга генологиялык же биологиялык жол менен бериле турган нерсе эмес, ал аңсезим аркылуу сырттан кабылдап, ичтен ынана турган ишеним.

Эгерде динди салттуу маданияттын бир бөлүгү катары карасак, анын мазмуну гана эмес, ар бир сөзүнө чейин так, таасын, түшүнүктүү болууга тийиш. Ансыз ишеним шарты бузулат. Мен өз оозуман чыккан сөзүмдүн маанисин билип, ал үчүн жооп беришим керек. Ар адамдын жеке ынанымы да мына ошого негизделген. Ал үчүн адегенде ар кандай догмалардан арылышыбыз керек. Анткени, диндер жаралгандан бери нечендеген кылымдар өттү, доорлор алмашты, илим-билим өнүктү, баалуулуктар жаралды, анын ичинде адамдын өзү дагы кыйла өзгөрдү.

Мисалы, исламдын мындай бир урааны бар: «Аллах – жалгыз. Кудайдын кулу, Мухаммаддын үмөтүмүн!». Аны «Ислам маданияты» гезити минтип чала-моңол чечмелеп берип жатпайбы: «Суроо-жооп: Каерден келдиң, каерге барасың? Аллахтан келдим, Аллахка барам! Эмне үчүн келдиң? Аллахка кулчулук кылуу үчүн келдим!» («Мусулман балдарга диний суроолор».).

Ушундай! Эгемен Кыргызстандын эркин өскөн балдарын кулчулукка тарбиялап жатабызбы?.. Кайсы бирин айталы, эми мындай жармач жазмакерлердин жазатайма түшүнүктөрү арбын эле.

Баардык ишенимдин түпкү мааниси адам баласын кулчулук психологиядан кутултуу, жамаатташ адамдар менен ынтымак менен ырашкерликте жармакташ жашоого үндөө, жамандыкты жеңе билүүгө, жакшылыкка жалгаша билүүгө үйрөтүү экендиги айтпаса деле түшүнүктүү чыгар. Мындай түшүнүк акыры келип Башмыйзам жоболоруна да, эл аралык адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо таламдарына да кайчы келери бышык.

Менимче, адам баласы эч качан эч кимге кул болбоого тийиш. Кайсы элде, кайсы тилде кандай гана аталбасын, Жараткан кул ээси же кул кармоочу эмес, ал – адам баласынын колдоочусу, ишеним эгеси. Ошон үчүн Жараткан да! Мына ушундай ынанымды карманганда, кыргыз элинин келечек мууну өз жандүйнөсүнө жалгашат, азыркынын тили менен айтканда, кулчулук психологиядан биротоло арылат. Бирөөлөрдүн айтканын жасардан мурун, адегенде азыноолак акыл калчасак кантет. Кулчулук доору эбак өткөн, бүт дүйнөдө кулчулукка тыюу салынган.

Андан тышкары, диндердин тарыхын окутууда мамлекеттик тилдин ички мыйзамдары дагы сөзсүз эске алынууга тийиш. Ар бир тилдин, анын ичинде кыргыз тилинин да өз мыйзамы бар. Ансыз деле келгей сүйлөп калдык. «Чет тилден кирген сөздөрдү өздөштүрүү» эрежесине ылайык, ислам динине байланыштуу көптөгөн сөздөр эбак эле өздөштүрүлгөн болчу. Мисалы, Аллах – Алла, халал – адал, Иисус – Иса, Моисей – Муса, Давид – Дөөтү, Якоб – Жакып, Библия – Ыйык Китеп («Жаңы осуят», «Эски осуят»), Рамазан, Курбан байрам – Орозо айт, Курман айт, араб – арап ж.б.у.с.

Кара күчкө салып, арап сөздөрүн арапча айтылышы боюнча жаз, Куран сөзүн куран тилинде сүйлө дегенибиз, бери дегенде таптакыр туура эмес, ары дегенде бөтөнзордук болуп калат. Жараткан баардык жанды бирдей көрөт, баардык тилди түшүнөт. Ал ошон үчүн Жараткан да!

Эми, КР президентинин “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарында “Диндердин өнүгүү тарыхы” предметин киргизүү жөнүндө” жарлыгын ишке ащыруу алкагында бир катар программалар иштелип чыгат. Бирок, аларды жүзөгө ашыруу жүрүшүндө бир катар жагдайлар биринчи кезекте эске алынууга тийиш. Ушул кезге чейин мамлекеттик окуу жайлардагы билим берүү жүрүмүндө теологиялык жана дин таануучулук мамилелер чаташтырылып келет. Адегенде андай маанилүү түшүнүктөрдү айырмасын так аныктап беришибиз керек.

Ошону менен бирге, диний окуу жайларына коюлган мамлекеттик билим берүү стандарттары өркүндөтүлүүгө тийиш жана алардын талаптагыдай сакталышына көзөмөлдү күчөтүү зарыл. Диний окуу жайларында атайын адистер менен окутуучулардын жетишсиздиги байкалып турат. Кыргыз жарандарынын чет өлкөлөрдө диний билим алуусуна ырааттуу мониторинг жүргүзүлбөйт, жалпы тендентцияларды болжолдоо системасы жок. Мындай чараларды тезинен колго алыш керек. Ансыз кыйналып калабыз.

Албетте, диний окуу мекемелеринде стандарттуу билим берүү сапаты жөнүндө узун сабак кеп кылса болот. Бирок, баарыдан мурда, бизди чет өлкөлөрдө диний билим алып жаткан балдардын келечек тагдыры кабатыр кылбай койбойт. Арасында эрезеге жетелек, ар нерсени өзалдынча аңдай албаган жаштар арбын. Коом ичин радикалдаштырууну көздөгөн күчөтөрдүн айрыкча жаш балдар менен аялдарга тап коюп жатканы дагы бекеринен эмес.

Азыр ааламдашуу доору. Көп ичинде кыргыз журтунун эл аралык тажырыйбадан үйрөнө турган, дүйнөлүк руханий дөөлөттөрдөн ала турган нерселери арбын. Андан качпаш керек, бирок аргандай жазатайымдардан да сак болууга тийишпиз. Дегеле, ар адамда ар дайым ынаным жана тандоо мүмкүнчүлүгү болууга тийиш. Ансыз сырттан таңуулоо жосунунан эгерим арыла албайбыз.

Пикир

Оставить комментарий