• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Манас” аэропорту": Эч кандай эвакуация жана курчоого алуу болгон жок

Коом 0

Бишкек, 09.03.22. /Кабар/. Айрым ЖМКлардагы “Манас” аэропорту курчоого алынып, адамдар эвакуацияланып жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Аэропорттун басма сөз кызматы билдиргендей, эч кандай эвакуация жана курчоого алуу болгон жок. Аэропорт штаттык режимде иштеп жатат.

Белгиленгендей, жүргүнчү жана бомба боюнча «Авиа Траффик» авиакомпаниясы комментарий берди:

“Жүргүнчүлөрдүн биринин багажында бомба бар экендиги тууралуу билдирүү авиакомпаниянын өкүлчүлүктөрүнүн ар кандай электрондук даректерине, анын ичинде биздин да даректерге жөнөтүлгөн. Анонимдүү дарек ээсинен ушундай электрондук кат биздин почтага келип түшкөнүн ырастайбыз. Бирок белгилей кетсек, бүгүн Санкт-Петербург - Бишкек багыты боюнча учуп келген учактын жүргүнчүлөрүнүн бири да бомба тууралуу билдирген эмес. Дүрбөлөңгө түшүүгө эч кандай негиз жок”.

Учак "Манас" аэропортуна ийгиликтүү конду, жүргүнчүлөр түштү. Окуя болгон жерде тиешелүү кызматтар иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий