• 88.68
  • 95
  • 0.95

Зиядин Жамалдинов: Илимпоздорго колдоо көрсөтүшүбүз керек

Аймак 0

Бишкек, 09.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 9-март күнү КРнын президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов КРнын Улуттук илимдер академиясынын Түштүк бөлүмүнүн А.С.Джаманбаев атындагы Жаратылыш байлыктары институтунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун башчысы аталган мекеменин илимпоздору тарабынан аткарылып жаткан жумуштар жана ачылыштар облустун айыл чарба жана өнөр жай тармагын өнүктүрүүгө салым кошот деп билдирди.

“Биздин илимпоздор тарабынан жасалып жаткан иштерди колдоого алабыз. Сиздер ачылыш кылган көмүр брекет, органикалык жер семирткичтерди инвестор жана дыйкандарга сунуштайбыз. Келечекте химикатсыз, органикалык жер семирткичтерге өтүшүбүз керек. Андан сырткары айылдарды таза суу менен камсыз кылууда хлор кошпой сиздер ойлоп тапкан ыкманы колдонолу. Биз Улуттук илимдер академиясынын сунуштарын жана илимпоздорго ар дайым колдоо көрсөтөбүз”, - деди Жамалдинов.

Мындан сырткары, Улуттук илимдер академиясынын Түштүк бөлүмүнүн А.Жаманбаев атындагы Жаратылыш байлыктары институту менен мындан ары да кызматташуу жана ар тараптуу колдоо көрсөтүү боюнча сүйлөшүштү.

Пикир

Оставить комментарий