• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Манас» бажысы жалган декларациялоо фактысын аныктады

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.02.24. /Кабар/. «Манас» бажысы жалган декларациялоо фактысын аныктады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Манас» бажысынын кызматкерлери тарабынан «A. L.» ЖЧКсына Кытайдан медициналык жабдуулар (лабораториялык анализатор) келгени аныкталган.

Бажы көзөмөлүн жүргүзүүдө жүк коштоочу документтерге ылайык 5 даана өлчөмүндө 3 аталыштагы медициналык техника декларацияланган, бирок натыйжада 22 даана санында аныкталган. Декларацияланган товарлар менен бирге документтерде көрсөтүлбөгөн тетиктер жана аксессуарлар жөнөтүлгөнү аныкталган.

Келтирилген зыяндын суммасы 345 миң 106 сомду түздү.

Факт КБР АДС МКЖга катталып, материалдар кароо үчүн Башкы прокуратурага өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий