• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өзгөндө “Женгонун” уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0


Бишкек, 10.02.23. /Кабар/. УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Оштун Өзгөн районунда Кадыр Досоновдун (“Женго” каймана аты менен белгилүү) уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү О.Н.Ж. кармалды.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, О.Н.Ж. Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренеси (“Адам уурдоо”) боюнча кылмыш жасагандыгы үчүн Баткен райондук соту тарабынан 2021-жылы издөөгө алынган.

Кармалган адам Баткен райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ыкчам иликтөө иш-чаралары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий