• 88.68
  • 95
  • 0.95

Марат Шершекеев: Кыргызстанда инвесторлор үчүн бардык шарттар бар

Экономика 0

Бишкек, 01.06.22 /Кабар/. Бүгүн, 1-июнда Бириккен Араб Эмираттарынын экономика министри Абдаллы бин Таук Аль-Марри жана Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Абдуллы М.Аль-Мазруинин Кыргызстанга иш сапарынын алкагында Бишкекте кыргыз-эмират бизнес-форуму өтүп жатат.

Иш-чарага БАЭ менен Кыргызстандын авиация, энергетика, соода, инвестиция жана өнөр жай жаатындагы алдыңкы компаниялары катышууда. Келген делегациянын курамына экономиканын бардык тармактарында иш алып барган БАЭнин ири компаниялары кирди. Mazdar, Wizz Air Abu Dhabi, Foody World Foodstuff Trading, Corodex Industries, United Food Company, Royal Startegic Partners жана башка ири компанияларды өзгөчө белгилей кетүү зарыл.

КР соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Марат Шершекеев Кыргызстанда инвесторлор үчун бардык шарттар түзүлгөнүн белгиледи.

“Биз долбоорлор өзүн актай турганын же пайда алып келерин дайыма эле ынанымдуу далилдей бербейбиз. Бул жолу мамилебиз кандай жүрүп жатканына карап көрсөк, ийгиликке жетебиз. Келген адистер кызматташууну жакшы деңгээлде улантат. Белгилей кетким келет, ушунча жылдан берки кырдаал биз БАЭден келген адистер менен биринчи жолу жолугуп жатканыбызды жана биринчи жолу биздин бизнесмендер ушундай кызыгуу менен иштеп жатканын көрсөтүп турат”, - деди Шершекеев.

Пикир

Оставить комментарий