• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда Сауд Аравиясынын маданий күндөрүн өткөрүү сунушталды

Коом 0

Бишкек, 26.12.23. /Кабар/. Эр-Рияд шаарында Кыргызстандын Сауд Аравиясындагы элчиси Улукбек Марипов Сауд Аравиянын айлана-чөйрө, суу ресурстары жана айыл чарба министри, кыргыз-сауд өкмөттөр аралык комиссиясынын теңтөрагасы Абдулла Аль-Фадли менен жолугушту

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушууда элчи 2023-жыл кыргыз-сауд эки тараптуу кызматташуусунун күн тартибинде кызуу жыл болгонун канааттануу менен белгиледи.

Марипов быйылкы жылы чоң натыйжаларга жетишилгенин, атап айтканда, эки өлкө ортосунда түз үзгүлтүксүз аба каттамдары ачылганын, кыргыз-сауд бизнес кеңешинин жаңы курамы түзүлгөнүн, өкмөттөр аралык комиссиясынын алкагында тиешелүү иштер жүргүзүлгөнүн, 2023-жылы ар кандай деңгээлдеги сапарлар алмашылганын, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Сауд Аравиясына эки жолу жумушчу сапар менен келгенин, ал эми 2024-жылы анын САПка расмий сапары пландалып жатканын билдирди.

Ошондой эле Улугбек Марипов белгилегендей, өлкөлөр ортосунда эбегейсиз зор потенциал бар, бирок ал азырынча толук ишке аша элек. Ал ушуга байланыштуу соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий кызматташтыкты активдештирүү максатында 2024-жылы Кыргызстанда өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын, кыргыз-сауд бизнес форумун, ошондой эле Кыргызстанда Сауд Аравиясынын маданий күндөрүн өткөрүүнү сунуштады.

Өз кезегинде Сауд Аравиясынын айлана-чөйрө, суу ресурстары жана айыл чарба министри А.Аль-Фадли Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын ортосундагы кызматташтыктын өнүгүү динамикасын жогору баалап, быйылкы жылы аткарган жемиштүү иштери үчүн элчиликке ыраазычылык билдирип, түз аба каттамдардын ишке кирүүсү, албетте, өлкөлөр ортосундагы соода алмашуунун көлөмүн жогорулатуунун, туристтердин агымын көбөйтүүнүн жана эки өлкөнүн бизнес процесстерин өз ара интеграциялоонун негизги кыймылдаткычтарынын бири боло тургандыгын баса белгиледи.

Мындан тышкары, А.Аль-Фадли эки тараптуу кызматташууну активдештирүү зарылчылыгы тууралуу пикирге макул болуп, элчинин сунуштаган демилгелерин жактырып, аларды ишке ашырууга кызыкдарлыгын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешип иштөөнү улантууга, атап айтканда пландалган иш-чараларды ийгиликтүү ишке ашырууга күч-аракетти бурууга макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий