• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Машыктыруучу Крестинин “Ак шумкарлардын” жеңилүүсү боюнча комментарий берди

Спорт 0

Бишкек, 07.06.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын машыктыруучу Александр Крестинин “Ак шумкарлардын” Монголиянын командасына жеңилүүсү боюнча комментарий берди.

Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы 2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында Монголиянын командасына 0:1 эсебинде утулуп калган.

Машыктыруучу Александр Крестинин оюндан кийинки пресс конференцияда Монголиянын курамасын жеңиши менен куттуктап, Кыргызстандын курамасы күчтүү болгонун айтты.

“Топко биз көбүрөөк ээлик кылдык, дээрлик баардык оюнда чабуулда жүрдүк. Бирок айып аянтында керектүү деңгээлде агрессия көрсөтө алган жокпуз, жыйынтыгында жеңилдик. Бардык команданын тең коронавируска болгон тестти терс жыйынтык көргөздү. Бул жагдай кабыл алган тарапка көп суроолорду жаратып жатат. Үч дарбазачы жана эки футболчу оюнга катышуудан четтетилди”, - дейт машыктуруучу.

Эскерте кетсек, Кыргызстандык дарбазачылар Эржан Токатаев, Кутман Кадырбеков, Валерий Кашуба, футболчу Бекжан Сагынбаев, Аваз Откеев коронавируска шектелип, оюн талаасына чыккан жок. Дарбазанын ордуна коргоочу Айзар Акматов турду.

Белгилей кетсек, “Ак шумкарлар” F тайпасында Япония, Мьянма, Монголия жана Тажикстандын курама командалары менен жайгашкан. Кыргызстандын курамасы тайпада 7 упайы менен үчүнчү орунда келе жатат.

Пикир

Оставить комментарий