• 88.68
  • 95
  • 0.95

Navruz Cup 2022: Кыргызстандык футболчулар Тажикстанга бир голго жеңилип калды

Спорт 0

Бишкек, 29.03.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 29-мартта Navruz Cup 2022 эл аралык мелдешинин алкагында Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Тажикстандын командасы менен оюн өткөрдү.

Эки команда тең Navruz Cup 2022 мелдешинин үчүнчү оруну үчүн таймашты.

Оюндун биринчи бөлүгүндө футболчулар арасында түшүнбөстүк жаралып, жыйынтыгында тажикстандык Манучер Сафаров жана кыргызстандык футболчу Гүлжигит Алыкулов кызыл айып кагазын алып, беттештен четтетилди. Биринчи бөлүк 0:0 эсебинде аяктады.

Экинчи бөлүктө калыс Одилжон Абдурахмановго кызыл кагазын көрсөтүп, Кыргызстандын дарбазасына 11 метрлик айып соккусун белгиледи. Тажикстандык оюнчу сокку жасап, эсепти 1:0гө өзгөрттү. Беттештин 85-мүнөтүндө Тажикстандын футболчусу дагы айып кагазын алып, оюн талаасын таштап кетти. Эки командада тең тогуздан оюнчу калды.

“Ак шумкардын” оюнчуларынын кооптуу аракеттерине карабастан гол кирген жок. Беттеш 1:0 эсебинде Тажикстандын командасынын жеңиши менен жыйынтыкталды.

Турнир 25-29-март күндөрү Наманган шаарында өтүп, ага Кыргызстандан тышкары Өзбекстан, Тажикстан жана Уганданын командалары катышууда.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын курама командасы мелдештин жарым финалында Өзбекстандын оюнчулары менен беттешип, 3:1 эсебинде утулуп калган. Ал эми Уганда Тажикстанды 5:4 эсебинде уткан.

Мелдештин жобосуна ылайык, командалар плей-офф баскычында кез келип, жарым финалдык беттештер ойнолот. Жеңген командалар финалда, жеңилгендер үчүнчү орун үчүн беттеште кез келишет.

Пикир

Оставить комментарий