• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Манас" аэропорту: 2021-жылы 2428 жүргүнчүгө биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн

Коом 0

Бишкек, 26.02.22. /Кабар/. 2021-жылдын 12 айында «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын медициналык кызматкерлери тарабынан 2 428 жүргүнчүгө биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирет.

«Манас» эл аралык аэропорту:

1279 жүргүнчү биринчи медициналык жардамды алган.

«МЭА» ААКнын тез жардамы аркылуу 146 жүргүнчү, санавиация аркылуу 7 жүргүнчү ооруканага жаткырылган.

«Ош» эл аралык аэропорту:

Медициналык кызматкерлер 1025 жүргүнчүгө жардам беришкен. Тез жардам аркылуу ооруканага 1 жүргүнчү жаткырылган.

«Ысык-Көл» эл аралык аэропорту:

Биринчи медициналык жардам 124 жүргүнчүгө көрсөтүлгөн.

Кошумчалай кетсек, 2021-жылдын январь айынан декабрь айына чейин ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 13 205 жүргүнчү коляска жана коштоп жүрүү үчүн санитарлардын жардамы менен камсыздалган. Анын ичинен «Манас» аэропортунда – 8422 жана «Ош» аэропортунда – 4783 жүргүнчү болгон.

«МЭА» ААКнын медициналык кызматкерлери аэропорттордун жүргүнчүлөрүнө жана конокторуна квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүүгө дайым даяр. Бул үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий