• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

"Мекен картты" ким жана кантип алса болот? Эмгек министрлигинин жообу

Коом 0

Бишкек, 16.12.23. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги "Мекен картты "ким жана кантип алса болорун айтып берди.

"Мекен карт" – чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусун ырастаган мамлекеттик маанидеги документ болуп эсептелет. Бул документти чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендештерге берүү максатында “Мекен карт” автоматташтырылган маалыматтык системасы 2023-жылдын 13-мартында ишке киргизилип, жарандардан арыздар (талап кылынган документтер) кабыл алынып баштаган.

Мекен-картты кимдер ала алат?

Мекен-карт документи мурда Кыргыз Республикасынын жарандыгында турган чет өлкөлүк жарандарга, мурда Кыргыз Республикасынын жарандыгында турган чет өлкөлүк жарандын балдары же неберелери болуп саналган чет өлкөлүк жарандарга, Кыргыз ССРинде туулган чет өлкөлүк жарандар, ошондой эле алардын балдары жана неберелерине берилет.

Мекен-карт канча мөөнөткө берилет?

Бул документ 10 жылдык мөөнөткө берилет.

Мекен-картты алгандар кандай укуктарга ээ болот?

  • виза тариздебестен кирүү, чыгуу, транзит менен жүрүү;
  • иштөөгө уруксат кагазын албайт;
  • медициналык жана билим берүү чөйрөсүндө төлөнүүчү кызматтар кыргыз жарандары менен бирдей шартта төлөнөт;
  • жер тилкесине укугу пайда болгон күндөн тартып он жылга чейин пайдалана алат (мурастан/наследство калса);
  • Кыргыз Республикасынын чек арасын өткөн учурдан тартып 90 күндүн ичинде жашаган жери боюнча каттого турат.

Кимдер ала албайт?

Чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасындагы укуктук абалы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендештин статусу (Мекен-карт документи) Кыргыз Республикасы менен чектеш мамлекеттердин жарандарына ыйгарылбайт. Бул чектеш 4 өлкөгө Казакстан, Кытай, Өзбекстан, Тажикистан ушул өлкөлордүн жарандары мекен карт документин ала албайт.

Бүгүнкү күнгө 38 жаранга мекен карт документи ыйгарылды.

Пикир

Оставить комментарий