• 88.68
  • 95
  • 0.95

Мектеп, тигүү цехи, оорукана. Баткенте эртең 10го жакын объект колдонууга берилет

Аймак 0

Бишкек, 29.12.23. /Кабар/. Баткен облусунда 30-декабрда 10го жакын объект колдонууга берилет. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Жаңы жыл алдында ачылышы пландалып жаткан объекттер:

  • Лейлек районунун Кулунду айыл аймагындагы "Булак-Башы" орто мектеби;
  • Лейлек районунун Лейлек айыл аймагындагы "Лейлек" орто мектеби;
  • Лейлек районунун Ак-Суу айыл аймагындагы "Алга"орто мектеби;
  • Лейлек районунун Ак-Суу айыл аймагындагы курулуш материалдарын чыгаруучу ишкана;
  • Баткен районунун Боз-Адыр айылындагы тигүү цехи;
  • Баткен районунун Кызыл-Бел айылындагы тигүү цехи;
  • Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагындагы Т.Мадарипов атындагы орто мектеби;
  • Кадамжай районунун Үч-Коргон айылындагы оорукана;
  • Баткен шаарындагы мал базары.

Өкүлчүлүктөн аталган объекттердин ачылуу салтанаттары онлайн жана офлайн режиминде өтөт.

Пикир

Оставить комментарий