• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Месси Испаниянын биринчилигинде 16 жыл бою гол киргизип келген алгачкы футболчу аталды

Спорт 0

Бишкек, 20.01.20. /Кабар/. Футбол боюнча Испаниянын биринчилигинин 20-турунда "Барселона" клубу "Гранада" командасын 1:0 эсебинде утуп алды. Бул тууралуу Чемпионат басылмасы жазат.

"Камп Ноу" стадионунда өткөн оюнда "Барселонага" жалгыз голду Лионель Месси алып келди. Месси Испаниянын биринчилигинде 16 жыл бою гол киргизип келген алгачкы футболчу аталды.

Бирок башка чемпионаттарда "Ювентустун" оюнчусу Криштиану Роналду (18 жыл), "Веронанын" футболчусу Джампаоло Паццини (17 жыл) жана франциялык "Бордо" команданын оюнчусу Жимми Бриан (17 жыл) аргентиналык оюнчуга караганда бир-эки жыл көбүрөөк гол киргизип келүүдө.

Белгилей кетсек, "Барселона" 43 упайы менен Испаниянын биринчилигинде тизменин сап башында турат.

Пикир

Оставить комментарий