• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Министрлер кабинетинин төрагасы балык чарбаларынын иши менен таанышты

Өкмөт 0

Бишкек, 09.04.22. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ысык-Ата жана Панфилов райондорунда жайгашкан балык чарбаларынын иши менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Министрлер кабинетинин башчысы инкубациялык цехти, форель чабактарын өстүрүүчү бассейндерди жана балык питомнигинин башка бөлүктөрүн көрүп чыкты.

Ошондой эле ага форелден жасалган даяр продукция да көрсөтүлдү.

Балык чарбаларынын иши менен таанышуунун жүрүшүндө мамлекеттик органдардын жана бизнестин өкүлдөрү ата мекендик балык тармагын өнүктүрүүнүн көйгөйлөрүн жана келечегин талкуулашты.

Өндүрүүчүлөр бизнес жүргүзүүдө пайда болуп жаткан кыйынчылыктар жана аларды чечүү жолдору тууралуу айтып беришти.

Акылбек Жапаров жергиликтүү балык түрлөрүнүн санын жана осетр балыктарынын икраларын өндүрүүнү калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик программаларды иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Буга катар министрлер кабинетинин башчысы «Аква сервис» компаниясынын өкүлдөрү тарабынан сунушталып жаткан сууда чарба жүргүзүү борборун түзүү боюнча долбоорлорду колдоорун билдирди, анда Жалал-Абад облусундагы Токтогул суу сактагычынын бассейнинде балык чарбасын жүргүзүү жана осетр балыктарды өстүрүү боюнча окуулар өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий