Бишкек, 05.10.20. /Кабар/. Саламаттык сактоо министрлигинен маалымдашкандай, парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон митингдин катышуучулары жабыркагандыгы тууралуу маалымат түшкөн жок.
«Жараат алгандар же каза болгондор тууралуу маалымат жок», - деп билдиришти «Кабар» агенттигине министрликтин басма сөз кызматынан.
Белгилей кетсек, ИИМ буга чейин маалымат таратып, анда митингдин катышуучуларынын арасында спирт ичимдиктерин ичип алгандар бар экендигин билдирген.
Эске сала кетсек, "Ала-Тоо" аянтында күн мурун, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбоого чакырган митинг өтүп жатат.
Пикир
Оставить комментарий