• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Москвада кыргыз жараны муунтуп өлтүрүлгөн

Кырсык 0

Бишкек, 22.11.22./Кабар/. Москвада таксист муунтуп өлтүрүлгөн. Бул тууралуу маалымат Россиянын Москва шаары боюнча тергөө комитетинин сайтында жарыяланды.

“Адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

"Тергөөнүн маалыматына ылайык, Москва шаарынын Ельнинская көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн короосунда такси унаасынын ичинен 1972-жылы туулган айдоочунун сөөгү табылган. Ал муунтуп өлтүрүлгөн.

Таксинин айдоочусун өлтүрүүгө шектелген жаран Москванын батышында кармалган. Анын жанынан өлтүрүлгөн жарандын банктык картасы табылган”, - деп айтылат маалыматта.

ЖМКлар маркум Кыргызстандын жараны экенин жазышууда.

Пикир

Оставить комментарий